Бейшеева Ж. Ж.
Ж.САДЫКОВДУН “САЯКБАЙ” ПОЭМАСЫ
Макалада Ж.Садыков алп манасчы Саякбайдын көркөм образын түзүүгө аракеттенген. Саякбайдын жаңы кастетин, мурда ачыла бербеген адамдык сапаттарын көрсөтүүгө басым жасайт. Поэмада Саякбайдын Манасы өзүнүн көркөмдүк бүтүндүгү, таасир этүү күчү, окуялардын жыйынтыктуулугу, образдын кеңири чечмелениши жагынан гана айырмаланбастан, бийик доошко ээ болгон трагедиялуулугу менен да айырмаланарын көрөбүз.
С.БАЙГАЗИЕВ МАНАС ТААНУУЧУ
Макалада адис-педагог С.Байгазиев жаштарды туура тарбиялоо үчүн кыргыз эли калыптандырган даяр жолго-улуттук каада-салттарга, анын ичинде сөз кадырлаган өнөргө, сөз маанисин сыйлаган улуу муундун нарк-насилине багыталууга кийинки муунду тарбиялоо маселеси каралат. Манас баш болгон элдик мурастарда айтылып келе жаткан идеяларды коомчулукка жайылтуу жана түшүндүрүү иштери чечмеленет.