Жалалова С. Ы.

    Жалалова С.Ы.,
ЛЕКСИКАНЫН ТАРЫХЫЙ ЖАКТАН КУРАЛЫШЫ
Страницы:27-35      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ВК-1694-7711-2022-1 (1)-27-35

Бул илимий макаланын  негизинде төмөндөгүдөй тыянак чыгарууга болот, тилдеги сөздөрүн баардыгы “лексика” башкача айтканда биздин лексиконубузду байытыш үчүн кандай иш аракеттер керек, ал эми бул жарайандар качан  башталары өзүбүздүн колубузда экендигин баса белгилеген. Адабий тилдин биринчи жана негизги шарты катары, анын жазуу жүзүндө берилишин эсептөө зарылдыгына тыянак чыгарылат. Өзүнүн жазуу системасы бар элдерде гана жазма адабий тил өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз эли, өзүнүн кыйла кылымдык өнүгүү тарыхында ар кайсы жазуу системаларынан пайдаланып келгендигине карабастан, улуттук жазмасына Октябрь революциясынан кийин гана жетишти. Демек, кыргыз жазма адабий тили советтик түзүлүштүн жемиши болуп эсептелип, андан соң профессионалдык жазма маданиятыбыз өнүккөндүгүн өз алдынча төрт этап менен ырааттуулукта бере билгендиги белгилеп кетүү абзел.

    Ата-бабабыз бизге көөнөрбөс көркөм мурасыбызды, сөз казынасынын бай мурасын негиздегенин, ошондон улам, биз дүйнөдө теңдши жок эпикалык чыгармаларды поэтикалык негизде жаратканыбыз лексикабыздын бай тарыхын негиздеп тургандыгынан кабар берет. Аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу элибиздин негизги милдети экендиги милдеттендирилген.. «Өнөр алды кызыл тил»-деп калкыбыз сөз өнөрүн жогору баа берип, улуу сөздү, балбан сөздү, чечендикти бийик туткандыгы макалада кеңири камтылган.

Полный текст

    Жалалова С.Ы.,
ТИЛДЕРДИН ЛЕКСИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:36-40      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ВК-1694-7711-2022-1 (1)-36-40

Бул жазылган эмгекте Алтай тилдер уячасына кирген тил өзгөчөлүктөрүнө кеңири изилдөө иштнри жүргүзүлгөн. Тилдеги сөздөрүн лексикалык өзгөчөлүктөрүнө мисал келтирүү менен илктөөгө жүргүзүлгөн. Бирок, тил өнүгүш үчүн лексиконду байытыш керек, ал эми бул жарайандар качан  башталары өзүбүздүн колубузда. Адабий тилдин биринчи жана негизги шарты катары анын жазуу жүзүндө берилишин эсептөө зарылдыгына тыянак чыгарылат. Өзүнүн жазуу системасы бар элдерде гана жазма адабий тил өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз эли өзүнүн кыйла кылымдык өнүгүү тарыхында ар кайсы жазуу системаларынан пайдаланып келгендигине карабастан, улуттук жазмасына Октябрь революциясынан кийин гана жетишти. Демек, кыргыз жазма адабий тили советтик түзүлүштүн жемиши болуп эсептелет.

    Ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасын мурастап берип кетиптир. Аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу биздин милдет. «Өнөр алды кызыл тил»-деп калкыбыз сөз өнөрүн абдан барктаган. Ошон үчүн «Манас» сыяктуу улуу эпосту жаратып кетишкен. Бирок, барган сайын бай тил казынабыздын кунун кетирип, көркөм сүйлөө жагынан өксүтүп жатканыбыз тууралуу айтылат.

Полный текст

    Жалалова С.Ы.,
МИФТЕРДИН ОБРАЗДАРГА АССОЦИЯЦИЯЛАНЫШЫ
Страницы:21-27      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2022-1(2)-21-27

Кыргыз фольклористикасында мифтердин образынын ассоцияцияланышы айрыкча “Манас” эпосунда кыргыз элинин улуттук мифологиясынын келип чыгыш эфолюциясын, мифтик көз-караштын калыптанышы, адамзаттын дүйнө таанымы, кыргыз элинин социалдык мүнөзүнө таандык жаратылышты, айбанаттарды кастарлап, табият менен гармониялуу жашай билүүсү, мифологиянын учурдагы илимде, медицинада колдонушу, эпикалык чыгармалардагы мифтик көз-караштардын чагылдырылышы бул макалада кеңири форматта кароого алынган. Мифтик түшүнүктө аркы дүйнөнүн, жер астын элестүү чагылдырылышы,  бул тууралуу илимий гипотезалар теманын негизги өзөгүн түзөт. Тотемдик мифологияны жаратып, илимде жана эпикалык чыгармаларда алардын образдарын элестүү жаратканы тууралуу кенен баяндалат. Тотемдик мифологиянын Ономастика илими менен байланыштырып, социалдык турмушта колдонушканын камтылды. Ошону менен бирге, учурдагы мифологиялык аспектиде жаралган пикирлерди камтыйт.

Полный текст