Нурлан кызы Бермет
ОРТО МЕКТЕПТЕ ХИМИЯНЫ ОКУТУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН МОДУЛДУК ТЕХНОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУ
Окутуунун традициялык эмес ыкмаларынын бири болуп модулдук метод эсептелет. Бул ыкма боюнча окуучу өздүк программа боюнча толугу менен же бир топ өз алдынча иштейт, ал эми окутуучу окуучулардын иштешин башкарат, коюлган маселелерди чечүү жолдорун коррекциялайт, окуучуларга консультация жана жардам берет, колдойт. Ыкма окуу процессин интенсификациялоонун эффективдүү жолдорунун бири болот. Белгилей кетчү нерсе, сабактын бул формасын колдонууда окуучу модулду окугандан кийин эмнени үйрөнүшү керектигин, кандай көлөмдө жана эмнеге жөндөмдүү болушу керектигин так билет, ошондой эле окуучу өзүнүн жөндөмдүүлүгүн эффективдүү колдонот.