Мусаева Айнура Сагынбековна

    Мусаева А.С.,
“КАНДУУ ЖЫЛДАР” РОМАНЫНА СТИЛИСТИКАЛЫК ИЛИК
Страницы:32-38      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2022-1(2)-32-38

Бул макалада “ Кандуу жылдар” романына стилистикалык жактан иликтөө каралган.  “Кандуу жылдар” романындагы көркөм стилдик жактан, стлиитстикалык жактан талданып, романдын  бөлүмдөрүн изилдөөдө ар бир эпизодунда троптун  түрлөрү колдонулган.  Идея-тематикалык жактан көркөм-эстетикалык жактан талдоого алынган “Куу баш”бөлүмү анафора,эпифора, метонимия, метафора, синекдоха параллелизм,литота, өңдүү стилистикалык фигураларды автордун чыгармасында кандай колдонулгандыгы иликтенген. Көркөм стиль улуттук тилдик бирдиктерин эстетикалык максатта колдонуу мүнкүнчүлүккө ээ болгон.. Көркөм чыгармада улуттук тилдин бардык кептик кубулуштары реализацияланган. Ал кубулуштардын сан жагынан көптүгү жана  сапат жагынан мазмундуулугу автордун жалпы интеллектине байланыштуу экендиги каралган. Эпикалык текке кирген көркөм чыгармаларда тексттин тили эки катмардан – жазуучунун тилинен жана каармандардын тилинен – турат да, алар тилдик бирдиктерди колдонууда өз ара кескин айырмаланышы каралган. Көркөм стилде пайдаланылган кептик кубулуштардын дээрлик баардыгы сүйлөшүү стилинде да кездешет. Албетте, ал кубулуштар  көркөм стилде алардын кептик көрүнүштөрү көркөм чыгарманын контекстине киргизилген.  Ар тараптан Куу баш бөлүмү анализге алынган, стилдик көркөмдүгүн арттыруучу каражаттар каралган.

Полный текст

    Мусаева А.С.,
“КАНДУУ ЖЫЛДАР” РОМАНЫНЫН ТАРЫХЫЙ-ТАРЖЫМАЛЫ
Страницы:38-45      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2022-1(2)-38-45

Бул макалада “Кандуу жылдар ” романынын тарыхый таржымалы каралган. А.Токомбаевдин – ыр түрүндөгү тарыхый романы улуу боштондукту эңсеген элдин  тагдырын чагылдырган окуяны сүрөттөөдө өзгөчө сүрөткерлик чеберчилик менен, андагы каармандардын образдарын чагылдырууда профессионалдык өзгөчөлүккө ээ экендиги баяндалган, тарыхый окуянын өзөгү эзилген элдин башынан өткөргөн окуялары баяндалган, реалдуу сүрөттөөдө идея-тематикалык жактан кыргыз элинин эркиндикке болгон күрөшү баяндалган, ар бир окуяны баяндоодо жазуучунун көркөм чагылдыруусу, көркөм-эстетикалык жактан кармандардын образдарын берүүдө өзгөчө көркөмдүк менен чагылдырылгандыгы каралган.  Кыргыз элинин башынан өткөргөн оор күндөрү, тарыхта калган ак тактарды, бүгүнкү күндүн келечек-муундары билиш керек экендигин автордун идеясы катары белгиленген.  А.Токомбаев - акын, демократ, өзүнун көзү менен көргөн окуяларды жазбай кое албайт, бул Улуу окуя тарыхта сакталып калат, аны билиш керек жана муундан- муунга өткөрүп берүү керек!

Полный текст