Амантур уулу Арзыбек

    Амантур у.А.,
ЖАЛАЛАЙН ТАФСИРИНДЕ РИВАЯТ МЕТОДУН АНАЛИЗДӨӨ
Страницы:117-127      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2022-1(2)-117-127

Курандагы аяттарды ачыктап тафсирлөөдө курандын дагы башка аяттары, пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүннөттөрү, сахабалардын сөздөрү же сабабу нузул аркылуу чечмеленген тафсирлерди риваят тафсири дейбиз. Риваят тафсиринин негизги принциптери алгач аятты аят менен, болбосо аятты сүннөт менен, аятты сахаба сөздөрү же сабабу нузул менен чечмелөө болуп эсептелинет. Бул изилдөөнүн максаты тафсир илими багытындагы белгилүү аалымдардын бири болгон имам Суюутинин “Тафсиру ал-Жалалайн” эмгегинин риваят жагын ачыктап анализдөө болуп эсептелет. Бул эмгек дүйнөлүк денгээлде ошол эле учурда бизде да көп окутулган тафсирлердин бири болгондуктан, аны дагы да жакындан таанып билүү, кыскача анализдөө, өзгөчө риваят жагын мисалдар менен чагылдыруу абдан маанилүү. Себеби бул тафсир китеби Орто Азия чөлкөмүндө мурдатан медреслерде жана жеке диний билим берүүчү жайларда кеңири окутулуп келген. Бул макала Жалалайн тафсирин кыргыз тилинде изилдегиси келгендерге, аны жакындан таанып билгиси келгендерге, Риваят тафсирлери боюнча изилдөөчүлөргө сөзсүз жардамы тийет деген ойдобуз. Имам Суютинин “Тафсийру ал-Жалалайн” эмгегинде аяттарды риваяаттар менен кантип чечмелегендигин бир нече мисалдардын негизинде ачыктап, анализ жүргүздүк.

Полный текст