Дуйшенбаев Папан Эргешович

    Дуйшенбаев П.Э.,
ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ДИНИЙ КӨЗ КАРАШТАРЫ
Страницы:26-35      Язык:  lorem    DOI:10.33514/ BK-1694-7711-2022-2(1)-26-35

Макалада Чынгыз Айтматовдун көркөм жана публицис­тикалык  чыгармаларындагы диний көз караштары талданып, жазуучу неги­зи­нен саясатта космополиттик көз караштарды карманса, ал дин маселе­синде да жалпы адамзаттык кызыкчылыктарга артыкчылык берип, дүйнөлүк диндердин ассамблеясы тууралуу кыялы жөнүндө айтылат. Айтматов ислам­ды тутунган үй-бүлөдө төрөлгөн, пайгамбарды “менин Мухаммедим” деген,  чыгармаларында Курандын улуулугуна арналган саптар аз эмес, бирок ал жалпы адамзаттын кызыкчылыктарына артыкчылык берген. Диндер жана ишенимдер бири-бирине каршылашып, душман болбостон биримдикте, ын­ты­макта болуусун, жалпы адамдардын рухий, маданий жактан гүлдөп, өсүп өнүгүүсүнө кызмат кылуусун, ар бир аң сезимдүу адам бир диндин гана эмес, диндердин Ассамблеясынын мүчөсү болуусу  жөнүндө кыялданган.

Полный текст