Качкынбаев Жолдубек .
ӨМҮРБЕК КАРАЕВДИН “КЕҢСЕ” ТЕМАСЫНДАГЫ АҢГЕМЕЛЕРИНЕ АДАБИЙ АНАЛИЗ
Бул эмгекте жазуучу Өмүрбек Караевдин кеңсеге байланыштуу темадагы аңгемелерине адабий анализ жасалат. Анткени бул темадагы чыгармалар бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келет. Бийлик, башкарууга байланыштуу чыгармаларга окурмандар муктаж. Анткени көп жазуучулар бул темаларды калемге ала беришпейт. Андан сырткары Өмүрбек Караевдин чыгармачылыгы боюнча сын-макалаларын жазган адабиятчылар жокко эсе. Бул эмгекте аңгемелерди талдоо менен калемгердин жазуучулук чеберчилигине да анализ жасалат.