Самаров Айбек .
КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН САЛЫШТЫРМА ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ
Макалада салыштырма изилдөөлөрдүн натыйжасында изилденип жаткан өлкөлөрдө жогорку билим берүүнүн деңгээли менен алардын экономикалык өсүшүнүн, ошондой эле эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн, жашоонун деңгээли жана сапаты менен коомдун башка социалдык институттарынын ортосундагы өз ара байланыштары жана алардын мыйзамченемдүүлүктөрү аныкталды, улутташтыруу процессине илимий жактан негизделген мүнөздөмө берилген.
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЯПОНИЯНЫН ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН САЛЫШТЫРМА ТАЛДООНУН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК МАМИЛЕЛЕРИ
Макалада Кыргызстан менен Япониянын жогорку билим берүү ситсемасын салыштырма талдоонун негизиндеги бир катар илимий-методологиялык мамиле-ыкмалардын маңызы каралган. Азыркы учурда Кыргызстанда салыштырма педагогика боюнча изилдөөлөр өлкөдөгү тарыхый кайра өзгөрүүлөргө байланыштуу акырындык менен күч алууда. Жогорку билим берүү системасынын жана практикалык педагогикалык ишмердүүлүгүн салыштырма талдоонун азыркы теориялык изилдөөчүүлүк көйгөйлөрү бирдей даражада методологиялык негиздөөнү талап кылат. Автор тарабынан системалуу, тарыхый, цивилизациялык, маданий, салыштырма, социологиялык, прогноздоочу сыяктуу ыкмалар каралган.