Салморбекова Р. Б.
СОЦИАЛДЫК ФИЛОСОФИЯДАГЫ ДИН ТЕОРИЯЛАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫ
Макалада социалдык философиядагы дин теорияларынын калыптанышы жөнүндө баяндалат. Мында, коомдо дин түшүнүктөрү боюнча мурунку жана акыркы учурдагы социологдордун динге болгон илимий көз карашы мисал келтирилет. Социалдык философиядагы көз караштын негизинде психологиялык, гнесологиялык өзгөчөлүктөрдүн келип чыгышы, тарыхый өсүп-өнүгүүдө диний түзүлүшү жана анын элементтеринин өзгөрүүгө дуушар болушу, азыркы учурда дүйнөлүк диндин түзүлүшү жана бир канча компоненттери жөнүндө баяндалат.