Бейшенова М. Ш.

    Дубашева В.С., Бейшенова М.Ш.,
ЭШЕНААЛЫ АРАБАЕВДИН АГАРТУУЧУЛУК ИШ АРАКЕТИ ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК ӨРНӨКТӨРҮ
Страницы:66-70      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-66-70

Макала кыргыздын алгачкы агартуучусу Эшенаалы Арабаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу жазылган. Кыргыз элинин революцияга чейинки интеллигенттеринин бири болгон Эшенаалы Арабаев Уфа шаарындагы “Медресе Галия” аттуу жогорку даражалуу диний мектепте окуп жүргөн кезинде 1911-жылы кыргызказак балдарына арналган “Алип-бээ жаки төтө окуу” аттуу китебин жазып, Уфадагы “Шарк” басмасынан чыгарат. Ушуга удаа эле “Жазуу өрнөктөрү” (сулуу жазуунун үлгүлөрү) деген китепти жаратып, 1912-жылы Оренбург шаарындагы “Вакыт” басмасынан чыгарган. Эшенаалы Арабаев дүйнөлүк педагогика илиминдеги жаңылыктардан кабардар болбосо да, анын агартуучулук иш аракеттери Европанын улуу илимпоз гуманистеринин педагогикалык мурастары менен көз караштарына шайкеш келген. 1918-1922-жылдар аралыгында Туркестандын Жети-Суу областында ар түрдүү жооптуу кызматтарда иштеп, мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат. Ал кыргыз тилинин алфавитин түзүү, кыргыз алиппесин жазуу, башталгыч класстын окуучуларына окуу китебин жазуу, сабатсыз чоңдорго окуу куралын түзүү, мугалимдерге методикалык колдонмолорду даярдоо, элдин оозеки чыгармаларын жыйноо ишин улантуу, жыйналган фольклордук чыгармаларды акырындык менен басмага бастыра баштоо, кыргыз тилинин терминин илимий жактан иштөөгө киришүү жана кыргыз тилинде газета чыгарууга даярдык көрүү иштерин уюштуруучулардын бири болгон. 

Полный текст