Кумашова Аида Анаркуловна

    Кумашова А.А.,
ЧЫНЫГЫ ТУРМУШТУК КЫРДААЛДАРДАГЫ ТЕКСТТИК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДЫН ЛОГИКАЛЫК ОЙ-ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРҮҮ
Страницы:100-104      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-100-104

Билим берүү реформасынын бирден бир максаты болуп окуучулардын дүйнө таануусун активдештирүүгө, алардын суроо берүүгө умтулуусуна, турмуштук кырдаалдагы маселелерди колдонуу аркылуу окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, алган билимин турмушта колдоно билүүсүнө жетишүү болуп саналат. Чыныгы турмуштук кырдаалдагы тапшырмалар окуучуларды чыныгы турмуштук, проблемалык кырдаалдан чыгууга гана даярдабастан, алардын ой жүгүртүүсүн машыктыруу менен аналитикалык, синтетикалык жана башка билгичтиктерди аракетке келтирүү менен, окуучулардын креативдүүлүгүн өнүктүрөт жана ар кандай стандарттуу эмес жагдайларда иштей ала турган чечкиндүүлүккө тарбиялайт.

Полный текст

    Төрөгелдиева К.М., Кумашова А.А.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЛОГИКАЛЫК ОЙ-ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨСТҮРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:149-152      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-149-152

Балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн мааниси бүгүнкү күндө коомдун муктаждыктары менен аныкталат, анда кыйын кырдаалда түшүнүүгө жана чечим кабыл алууга жөндөмдүү адамдар талап кылынат. Макалада башталгыч класстын окуучуларынын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн өзгөчөлүгү каралат. Балдардын өнүгүүсүнүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрү, алардын логикалык ой жүгүртүүсүнүн калыптанышына таасир этүүчү жаш өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт.

Полный текст