Умарбекова Анара Анарбаевна

    Умарбекова А.А., Тажибаева Г.Д.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИН КЕСИПКЕ ДАЯРДООДОГУ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АНЫ ЧЕЧҮҮНҮН ЖОЛДОРУ
Страницы:153-157      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-153-157

Макалада башталгыч класстын мугалимдерин даярдоонун максаттары жана аны ишке ашыруунун жолдору каралды. Алдыдагы максаттардын ишке ашырылышы педагогикалык кадрларды даярдоо системасында билим берүүнүн мазмунун, окутуу процесси жана аны уюштуруунун формаларын, методдорун жаңыча уюштуруу проблемасынын чечилүүсүнө көз каранды. ЖОЖдо келечекте даярдалып жаткан башталгыч класстын мугалимдери адистигинде окулуп жаткан дисциплиналардын ортосундагы байланыш кесиптик –педагогикалык багытта жүргүзүлүшү керек. Башталгыч класстын мугалимдерин кесипке багыттоонун маанилүү жолу мектептин инновациялык иш аракеттерине теориялык жана практикалык жактан даярдап, чыгармачыл жекече стилди өнүктүрүү. Кесипке даярдоодо студенттердин өз алдынча окуу көндүмдөрүн калыптандыруу менен практикага багыттап окутуу иши окутууну модернизациялоону ишке ашырат.

Полный текст

    Умарбекова А.А., Алымбекова М.А.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК УСУЛДАРЫН КОЛДОНУУ
Страницы:158-163      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-158-163

Макалада башталгыч класста билим берүүнүн сапатына таасир берүүчү фактор катары окутуунун инновациялык усулдары тууралуу маселе каралды. “Инновация” термини жана анын билим берүү чөйрөсүнө киргизилиши, жаңылыктарды киргизүүнүн айрым, модулдук жана системалык түрлөрү жөнүндө маалымат берилген. Окуу процессинде окутуунун салттуу жана жаңы методдорун колдонууда “Мугалим-окуучу” мамилелеринин стили бири-биринен айрымаланып, окутуунун максатына жетүү үчүн дидактикалык талаптарга жооп берүүнү талап кылат. Эл аралык уюмдар тарабынан киргизилген долбоорлор негизинен башталгыч билим берүү уюндарына багытталып, окутуунун интерактивдүү жана инновациялык методдорун окуу процессинде колдонууну сунуштаган. Долбоордун программаларындагы инновациялык окутуу методдору башталгыч класстын окуу программасында берилген окуу материалдарынын системалуу, үзгүлтүксүз, жөнөкөйдөн татаалга карата түзүлгөн окутуунун принциптерин эске алуу менен киргизилген. Окуучулардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу, математикалык сабаттуулугун жогорулатуу багытында инновациялык методдор сунушталды. Анда дифференцияланган окутуу, предмет менен тилди интеграциялап окутууга көңүл бурулган. 

Полный текст

    Умарбекова А.А., Чолпонбай к.Э.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА БААЛОО УСУЛДАРЫН КОЛДОНУУ
Страницы:163-167      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-163-167

Макалада окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун мааниси, балоонун келип чыгыш тарыхы, окутууда баалоого карата жаңыча мамилелер каралган. Диагностикалык баалоону мугалим окуу жылынын башталышында жүргүзөт, анын максаты окуу предмети боюнча окуучулардын даярдык деңгээлдери аныкталат. Диагностикалык баалоонун жыйынтыгында мугалим үчүн окуучулардын муктаждыктарына жараша окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү, кыйынчылыктарды аныктоо менен, аларды жоюуга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ал эми калыптандыруучу баалоо күн сайын ар бир сабакта колдонулат. Калыптандыруучу баалоонун максаты окуучунун натыйжалуу билим алуусуна шарт түзүү, ал үчүн баалоонун түрдүү ыкмалары колдонулуп, окуучунун окуганын түшунүүсү текшерилет, окуудагы кыйынчылыктарды аныктоого, ага жараша окуу процессине түрдүү сабактарды пландаштырууга өбөлгө түзүлөт. Мугалимдер окуучулар өздөштүргөн билимдердин деңгээлин аныктоо үчүн жыйынтыктоочу баалоону колдонушат жана ал белгилүү мөөнөттүн аягында, мисалы, теманы өтүп бүткөндөн кийин, чейректин же окуу жылынын аягында жүргүзүлөт.  

Полный текст

    Умарбекова А.А., Жайлообаева Н.Ж.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН КӨРКӨМ ӨНӨР САБАГЫНДА ЭСТЕТИКАЛЫК ЖАКТАН ТАРБИЯЛООНУН УСУЛДАРЫ ЖАНА ФОРМАЛАРЫ
Страницы:237-241      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-237-241

Макала башталгыч класстын окуучуларын көркөм өнөр сабагында эстетикалык жактан тарбиялоонун максаты, принциптери, усулдары жана формалары жөнүндө жазылган. Көркөм өнөр сабагынын максаты окуучунун курчап турган чөйрөнүн, жаратылыштын, сүрөт искусствосунун сулуулугун баалай билүүсү, анын эстетикалык көз караштарын каалоолор жана сезимдер аркылуу кабыл алуу менен турмушта сонун нерсени түзүүгө умтулуу, жөндөмдүүлүгүн өрчүтүү болуп саналат. Мында окутуунун принциптери менен катар окутууну уюштуруунун стандарттык жана стандарттык эмес формалары, окутуунун бирге окуйбуз, долбоорлоо, диалогдук, салыштырмалуу, оюн ыкмалары каралган. Практикада ийгиликке жетүүнүн ыкмалары дифференцирленген окутуунун маанилүүлүгү менен айкалышып, окуучулардын типтүү айрымачылыктарын эске алуу менен окуу-тарбиялык процессти жүргүзүү зарылдыгы белгиленген. 

Полный текст

    Умарбекова А.А., Сагынбекова А.У.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН ОКУТУУДА ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАРДЫН МААНИСИ
Страницы:242-247      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-242-247

Макалада башталгыч класстын окуу процессинде дидактикалык оюндарды колдонуунун негизги максаттары, оюн ишмердүүлүгүн уюштуруунун принциптери жана оюндардын негизги структуралык компоненттери жана оюндун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндөгү маселелер каралган. Дидактикалык оюндар – балдардын өз алдынча ой жүгүртүүсүнүн, тарбиялоонун жеткиликтүү, пайдалуу, эффективдүү каражаты. Дидактикалык оюндардын негизги структуралык компоненттери болгон оюндун идеясы, оюндун эрежеси, оюндук аракеттер, таанып-билүүчүлүк мазмун, дидактикалык милдет, оюндун каражаттары жана оюндун натыйжасы туура сакталуусу керек. Окуу процессинде мугалим оюндун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында дидактикалык оюндарды бир нече стадияга бөлүп карайт. Оюндун ар бир этабына жараша аныкталган педагогикалык милдеттер туура келет жана ал мугалимден белгилүү билимди талап кылат. Биринчи стадияда– педагог балдарды оюнга кызыктырат, ойноого болгон каалоосун күчөтөт. Экинчи стадияда– мугалим байкоочу гана болбостон, убагында жардамга келгенге жөндөмдүү тең укуктуу өнөктөш катары чыгат, оюндагы балдардын жүрүмтурумун адилет баалайт. Үчүнчү стадияда– оңдоочу ролду оюндун милдеттерин чечүүдө, балдардын чыгармачылыгын баалоодо аткарат. 

Полный текст