Апышова Замиракан .
ЖОМОКТОРДУ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ НЕГИЗДЕП ОКУТУУНУ УЮШТУРУУНУН ЖАНА ӨТКӨРҮҮНҮН ОПТИМАЛДУУ ЫКМАЛАРЫ
Башталгыч класстын окуучуларынын чыгармачылык компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда жомоктордун мааниси өзгөчө. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн жомоктор кыргыз эл адабиятынын казынасы гана эмес, аларды ар тараптан өнүктүрүүнүн эффективдүү каражаты. Жомоктор аркылуу окуучулардын романтикалык ой жүгүртүүсү өсүп, чыгармага болгон кызыгуусу артылат. Алардын дүйнөгө көз карашын, таанып-билүүсүн өнүктүрүүдө да жомоктордун мааниси жогору. Бул макалада жомоктордун жанрдык спецификасы тууралуу теориялык маалыматтар берилип, 3-класста Т.Абыкеевдин «Кумурска менен жалкоо» жомогунун тексттин үйрөтүү процессинде визуалдык контент, божомолдоо, үн чыгарып окуу, окуган чыгармага пикир жазуу стратегиясын колдонуу технологиялары чагылдырылат. Макалада айтылган ойлор башталгыч класстын мугалимдери жана методисттер, изилдөөчүлөр үчүн жардам берет.