Бактыбек к. Бегимай

    Абдиева Ж.К., Бактыбек к.Б.,
БЕКТУР ИСАКОВДУН “МАНАС АЛИППЕСИ”: УЛУТТУК НАРК-НАСИЛ ЖАНА ТААЛИМ-ТАРБИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ
Страницы:248-254      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-248-254

Кыргыз элинин белгилүү педагогу, Талас жериндеги «Арал» орто мектебинин мугалими Бектур Исаков «Манас» үчилтигин окутуу боюнча өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын жайылтып келүүдө. Б.Исаков сабактын көп жаңы формаларын сунуштап, “Манасты” окутуу боюнча педагогикалык комплекстүү ишин жүргүзгөн. Макалада, Бектур Исаковдун “Манас Алиппеси ” эмгеги аркылуу Манасты окуп-үйрөнүүгө болгон ишин улантып, окучууларды, студенттерди, кызыкдар окурмандарды Манас үчилтигинин өзөктүү окуяларын билүү менен эпосту терең билип калуунун жолун көрсөткөндүгү айтылат. Б.Исаковдун сабактары эч кандай мажбурлоосуз окуучунун берилип жан дүйнөсү менен кабыл алышкандыгы менен баалуу. Анын “Манас” эпосу боюнча пайдаланган окуу-усулдарын педагогдор өз сабактарында колдонулушу зарыл.Эл мугалими, балдардын сүйүктүү педагогу Бектур Исаковдун “Манас Алиппесиндеги” кыргыз келечеги үчүн жасалып жаткан эмгегин иликтөө бир макала менен чектеп коюу мүмкүн эмес. Бектур Исаковдун педагогика жаатында жасалып жаткан көөнөргүс педагогикалык иштерин изилдөө келечектин иши.

Полный текст