Тууганбек к. Наргиза

    Кулова Э.К., Тууганбек к.Н.,
CОВЕТ БИЙЛИГИНИН АЛГАЧКЫ МЕЗГИЛИНДЕГИ ТАЛАС ӨРӨӨНҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК ТЕРРИТОРИАЛДЫК БӨЛҮНҮҮСҮ
Страницы:286-292      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-286-292

Макалада ар бир мамлекеттин негиздеринин бири анын аймагы. Администрациялык-аймактык бөлүнүү табигый, саясий, экономикалык, этникалык, улуттук жана башка факторлор менен аныкталат. Талас өрөөнү революцияга чейинки мезгилде ОлуяАта уездине караштуу болгондугу. Волосттун калкынын өсүшү менен көчмөн коомдор бытыранды болуп, бир жерден экинчи жерге көчүп же коңшу уезддерге өтүп кеткендиги. XIX кылымдын аягы ХХ кылымдын башында Талас өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүн 8 кыргыз волосту (Кара-Буура, Бакайыр, Боо-Терек, Беш-Таш, Үч-Коргон, Кеңкол, Каракол, Күркүрөө) жана келгин тургундар жашаган 5 волост (Ленинполь, Покровская, Дмитриевская, Гродиковская жана Александровская) болгон. Ошентип, 1944-жылдын 22-июнунда Талас айылы Талас шаары болуп өзгөртүлүп, Талас облусу түзүлгөндгү. Облустун курамына 5 район киргендиги: Буденовка, Ленинполь, Киров, Талас жана Чаткал кирген. 1980-жылы Талас облусу кайрадан негизделген. Анын курамына Киров, Ленинполь, Манас, Талас, Токтогул жана Чаткал райондору, Кара-Көл шаары, Талас шаары жана ш.т.п. Токтогул киргендиги каралды.

Полный текст