Кайнаева Ж. А.
СУУНУН ЭТНОБИОЛОГИЯЛЫК МААНИСИ
Бул макалада кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгындагы этнобиологиялык билимдердин берилишине кыскача кайрылдык. Элдик оозеки чыгармаларда жаратылыштын бир компоненти болгон суу темасынын берилиши менен жаштарга билим алууда чоң өбөлгө түзүлөт, жана аларды жаратылыш менен эриш-аркак болуп, жаратылыш ресурстарынын маани- маңызын түшүнүүгө жана аларга аяр мамиле кылууга үйрөтөт. Илимий маалыматтар менен элдик билимди айкалыштырып, салыштырып окууда илимде ачылган биологиялык, экологиялык ачылыштар биздин элде мурдатан эле белгилүү болуп, ата -бабаларыбыздан ооздон оозго өтүп келген. Азыркы күндө элдик педагогикадагы биологиялык түшүнүктөрдү илимий маалыматтар менен айкалыштырып окутуп үйрөтүү билим алууда жакшы натыйжа берет.