Ажибекова Айзада Токтогуловна

    Ажибекова А.Т.,
АЛГЕРБРА КУРСУ БОЮНЧА ОКУУ ПРОГРАММАЛАРДЫН ЖАНА АДАБИЯТТАРДЫН АНАЛИЗИ
Страницы:8-15      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-8-15

Бул макалада окуу китебисиз жана ага кошумча түзүлүүчү колдонмолорсуз бул окуу жайларынын алдына коюлуучу милдеттердин аткарылышын элестетүү мүмкүн эместиги берилген. Мектептин окуу китеби бүткүл окуу процессинин өзүнчө бир сценарийи деп эсептөөгө болот, анткени ал окутуунун мазмунун гана эмес белгилүү даражада аны менен иштөөнүн методикалык ыкмаларын да аныктайт, ал гана эмес мында иштин жалпы маанайы, окутуучунун да, окуучунун да көңүлү камтылат. Социалдык жактан багытталган базар экономикасына өтүүнүн шартындагы билим берүүнүн өнүгүү этабына ылайык окуучулардын өз алдынча иштери эң чоң мааниге ээ болуп жаткан кезде окуу китебинин ролу өзгөчө жогорулап өсүп жатат. Окуу китеби мурдагыдай информациялардын пассивдүү жыйындысы болуудан арылып, азыр эми ал дидактикалык активдүү системага айланып, окуучунун өзүн өзү контролдоосун, өзүн өзү түзөтүп, оңдоосун камсыз кылуучу, анын рухий жактан жетилүүсүнүнө, логикалык ойлоосунда өсүп өнүгүшүнө жана тил маданиятынын калыптанышына натыйжалуу таасир этүүчү каражатка айланып олтурат. Окуу китеби билим берүүнүн мазмунун өздөштүрүүнүн каражаты катары берилген предметтик программадагы окуу материалды толук камтуу менен катар ал илимдин тиешелүү тармагы боюнча окурмандарга эң керектүү энциклопедиялык сөздүк болуп да кызмат кылат. Окуу китебинде берилген илимий таануу идеяларын калыптандыруунун негизин түзөт. Анткени окуу китебинде билим берүүнүн мазмунун. 1 – компоненти: жаратылыш, коом, техника, адам, иштеп эмгектенүүнүн ыкмалары, илимий далилдер, маанилүү терминдер жана таанып билүүлөр, илимдин негизги закондору жана теориялары, методологиялык жана баа берүүчүлүк билимдер баяндалып берилет.

Полный текст