Джумабаева А. Н.

    Алибекова Г.У., Джумабаева А.Н., Акпаралиева Б.А.,
«PLIKERS» QR-КОД ПЛАТФОРМАСЫ МЕНЕН САБАКТАРДЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ
Страницы:23-30      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-23-30

Бул макалада окуучуларды заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү жана аларга бул жаңы платформаларды калыптандыруу маселелери каралат. Plickers бул интерактивдүү усулга негизделген каражат, ал окуучулардын сабакка катышуусуна көмөктөшөт. Ал интерактивдүү викториналарды же сурамжылоолорду өткөрүү үчүн физикалык карталарды жана мобилдик тиркемени колдонууну айкалыштырат. Plickersплатформасын колдонуу ар кандай маалыматтык булактарга жетүүнү камсыз кылуу менен билим берүүнүн мазмунун байытууга өбөлгө түзөт. Мында Plickersплатформасын колдонуу аркылуу окуучуларга белгилүү бир өлчөмдөгү билимди жеткирүү гана эмес, алардын таанып-билүүсүн, өз алдынча ой жүгүртүүсүн, умтулуусун өнүктүрүү жана алар алган билимдерин практикада колдонуусуна жетишүү, заманбап жетишкендиктер менентааныштыруу болуп саналат.  Макалада Plickers платформасынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары жана аны табигый илимдерге колдонуусу каралат.

Полный текст

    Джумабаева А.Н., Акпаралиева Б.А.,
МЕКТЕПТЕ МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ПРЕДМЕТТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:48-52      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-48-52

Бул макала туруктуу өнүгүү максаттарын колдонуу менен математика сабагында окуучулардын предметтик компетенттүүлүгүн калыптандырууга арналган. Теориялык жана методологиялык негиздерин талдап, ошондой эле сабактарда туруктуу өнүгүү мактсаттарын аныктаган бир канча маселелер жана тапшырмалар менен окутуунун натыйжаларын сүрөттөшөт. Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын колдонуу окуучулардын математиканы окууга болгон мотивациясын жогорулатууга гана эмес, ошондой эле алардын математикалык билимдерин жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдонууга байланыштуу предметтик компетенттүүлүгүн калыптандырууга мүмкүндүк берери аныкталган. Жыйынтыктап айтканда, сапаттуу билим берүү жана окуучуларды заманбап дүйнөдө жашоого даярдоо үчүн туруктуу өнүгүү максаттарын билим берүү процессине интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиленди.

Полный текст