Мырзабекова Н. М.

    Муратов А.Ж., Мырзабекова Н.М.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРДЫ ОКУТУУ ҮЧҮН МУГАЛИМДЕРДИ «ИННОВАЦИЯ», «ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР» ТҮШҮНҮКТӨРҮНҮН ТЕОРИЯЛЫК КОНЦЕПЦИЯЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ
Страницы:106-111      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-106-111

Бул макала орто мектептин башталгыч класстарындагы адабий окуу сабагында көркөм чыгармаларды талдоо процессинде инновациялык технологияларды колдонуу үчүн «инновация», «инновациялык технологиялар» деген түшүнүктөргө терминологиялык аныктама берилет. Азыркы учурда башталгыч класстагы окуучулардын адабий билимин өркүндөтүү, ошол аркылуу алардын руханий-адептик тарбиясын жогорулатуу, эстетикалык табитин көтөрүү, тилдик, этномаданий жана адабий-теориялык, социалдык коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу актуалдуу проблемалардын бири болуп эсептелет. Макаланын максаты – инновациялык процесстин дүйнөлүк илимдеги, анын ичинде кыргыз педагогикасындагы эволюциясын көрсөтүү. Заманбап талаптарга ылайык чыгармаларды талдоону инновациялоого коюлган педагогикалык шарттар жана критерийлер чагылдырылат. Макаланы жазууда автор тарабынан илимий булактарга таянуу, анализ, салыштыруу методдору колдонулду жана орус, дүйнөлүк педагогдордун эмгектери методологиялык негиз катары пайдаланылды. Көрсөтүлгөн методикалык сунуштарды чыгармачылык менен мугалимдер ар бир сабагында колдонууга болот. Макала жогорку окуу жайынын студенттерине, магистрлерге жана мектептин башталгыч класстардын мугалимдерине арналат.

Полный текст

    Мырзабекова Н.М.,
ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ТИЛДИК-КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРҮН ӨРКҮНДӨТҮҮ
Страницы:112-117      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-112-117

Бул макала орто мектептин башталгыч класстарындагы адабий окуу сабагында көркөм чыгармаларды талдоо процессинде колдонуу үчүн «компетенттүүлүк», «тилдик-коммуникативдик компетенттүлүк», «инновациялык технологиялар» деген түшүнүктөргө теориялык аныктама берүүгө арналган. Ааламдашуу доорунда массалык маданият окуучулардын руханий-адептик тарбиясына гана эмес, алардын эне тилин өздөштүрүүсүнө да терс таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан көркөм чыгармаларды окуп, ал аркылуу окуучулардын эстетикалык табитин көтөрүү, тилдик, этномаданий жана адабий-теориялык, социалдык коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу актуалдуу проблемалардын бири. Макаланын максаты – инновациялык технологиялар менен окуучулардын компетенттүүлүктөрүн жогорулатуунун зарылдыгын көрсөтүү. Чыгармаларды талдоону инновациялоо – азыркы адабиятты окутууга коюлган педагогикалык шарттар негизгилеринин бири. Макаланы жазууда автор тарабынан илимий булактарды изилдөө, анализ, синтез, типологиялык салыштыруу методдору колдонулду жана орус, дүйнөлүк педагогдордун эмгектери методологиялык негиз катары пайдаланылды. Айтылган методикалык сунуштардан башталгыч класстын мугалимдери көркөм чыгарманы интерпретациялоонун инновациялык технологияларын колдонууну үйрөнөт. 

Полный текст

    Мырзабекова Н.М.,
ТИЛДИК-КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ ЖЕТИШҮҮНҮН ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТИН КРИТЕРИЙЛЕРИ
Страницы:117-122      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-117-122

Бул макала башталгыч класстардагы адабий чыгармаларды талдоо процессинде окуучулардын тилдик-коммуникативдик компетенттүлүктөрүн инновациялык технологиялар менен ишке ашыруунун теориясын көрсөтүүгө арналат. Азыркы учурда мектеп окуучулардын социалдашуусу тилдик байлыктары, тилди колдоно билүүсү менен байланышат. Ошондуктан көркөм чыгармаларды окуп, талдап, ал аркылуу окуучулардын тилдик, этномаданий жана адабий-теориялык, социалдык коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу актуалдуу проблемалардын бири. Макаланын максаты – инновациялык технологияларды колдонуп окуучулардын тилдик-коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуунун технологияларын көрсөтүү. Чыгармаларды талдоону инновациялоо жана компетенттүүлүккө негиздеп окутуу – азыркы адабиятты үйрөтүүгө коюлган педагогикалык талаптардын бири. Макала жогорку окуу жайынын студенттерине, магистрлерге жана мектептин башталгыч класстардын мугалимдерине арналат.

Полный текст