Назарбаева М. Т.

    Назарбаева М.Т., Джапарова С.Н., Керезбек к.В.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА КУРСУНДА АЛГЕБРАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Страницы:122-129      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-122-129

Макаладабашталгычмектептинматематикакурсундаокутуулуучуалгебралыкматериалдардыокутуунунжалпымүнөздөмөсүкаралды. Математиканын баштапкы курсунда алгебранын элементтерин окуп үйрөнүү арифметикалык материал менен тыгыз байланышта ишке ашырылат. Маселен, эң жөнөкөй сызыктуу теңдемелерди чыгарууда адегенде алгебралык апараттын ордуна арифметикалык амалдардын компоненттери менен натыйжаларынын ортосундагы байланыштар колдонулса, кийинчерээк теңдеме түзүү менен чыгаруу ишке ашырылат. Программанын талабына ылайык, башталгыч класстарда окуучулар тамгаларды математикалык символ катарында колдоно баштоону үйрөнүшөт, алгебралык-туюнтма, барабардык, барабарсыздык, теңдеме сыяктуу түшүнүктөр менен таанышышат жана айрым текстүү маселелерди теңдеме түзүү менен чыгаруу боюнча алгачкы билимдерге ээ болушат. Башталгычкласстардаалгебранынэлементтеринокутуудаокуучулардыкызыктыруумаксатындаонлайнинтерактивдүүоюндардынжардамыменентеӊдеметүшүнүгүнкиргизүүнүнжолдорукаралды.

Полный текст