Сатыбалдыев А. Б.
ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТТАР БОЮНЧА ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДИ ИНСАНГА БАГЫТТАП ОКУТУУНУН МЕТОДДОРУ
Макалада техникалык багытта билим алып жатышкан студенттерди инсанга багыттап окутуу технологияларын колдонуп окутуунун зарылдыгы, мааниси жана методдору каралган. Заманбап өндүрүштөргө техникалык багыттагы адистерди даярдоодо жогорку окуу жайлардын билим берүү мазмунун жана сапатын жакшыртуу негизги маселелердин бири болуп эсептелет. Азыркы учурдун талабына ылайык адистерди даярдоодо инсанга багыттап окутуунун максаты – ар бир инсандын жөндөмүн ачып аныктоо, аны өнүктүрүү, илимий билимдерге өз алдынча жетишүүгө, билимдерин жаңылоого жана пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат. Макалада техникалык багыттар боюнча окутуунун өзгөчөлүктөрү, ушул багытта окуган студенттерди инсанга багыттап окутуунун методдорунун бир канчасы берилген.