Канатбекова А. Т.

    Стамалиева К.А., Канатбекова А.Т.,
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ИШ АРАКЕТТЕР
Страницы:167-174      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-167-174

Бул илимий макалада мектепке чейинки балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү ар кандай иш аракеттер каралган. Бул курактагы балдардын логикасын өнүктүрүү үчүн тарбиячынын алдына бир нече жооптуу милдеттер коюлгандыгы белгиленген. Логикалык салыштыруу операциясы, себеп – натыйжа, элементардык анализ жана математикалык методдор жөнүндө кыскача түшүнүк берүү менен конкреттүү мисалдар келтирилген. Сандарды изилдөө абстракттуу ой жүгүртүүгө карай алгачкы кадамдардын бири болуп саналарын, анткени аларды колдонуу менен бала объекттин элесин гана кабыл албастан, бир тектүү объектилерди топко чогултуп, белгилүү бир көрсөткүч менен топтогу объектилердин санын белгилеп, салыштырып көрсөтүү балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө түрткү берери белгиленген. Эгерде тарбиячынын чыгармачылыгы күчтүү болуп жана ал ар бир баланын жекече өзгөчөлүгүнө жараша мамиле жасаса жана өз сабагын балдар үчүн кызыктуу өтүүнүн, аларды өзүнө тартуунун натыйжалуу жолдорун колдонсо, анда балдардын ой жүгүртүүсү жогору болуп, жакшы ийгиликтерге жетишмек деп жыйынтык чыгарылган.

Полный текст