Солтонкулова Ж. М.
МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА ОЮН ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ООРДУ
Учурда билим берүүдө бир нече окутуунун технологиялары каралып алардын ичинен оюн технологиясы эффективдүүлүгүн көргөзүп жатат. Бул макалада ар бир окуучунун өз алдынча, өз дарамети боюнча ой-жүгүртүп, түшүнүгүн бышыктоого жана тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алууда оюн технологиясы аркылуу билим билгич көндүмдөрүн калыптандыруу каралган. Оюндар билимди интеграциялоону талап кылат. Математика предметинде таяныч түшүнүк кийинки түшүнүктөрдү кеңейтүү идеясында, туура логикалык ой- жүгүртүү, реалдуу чындыкты терең түшүнүү багытында аныкталышы зарыл.