Ташбаев А. М.

    Ташбаев А.М., Атабаев С.К.,
ЭКОНОМИКА БАГЫТЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРГЕ МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:194-201      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-194-201

Бул макалада экономисттер-бакалаврларга математиканы окутуунун негизги милдеттери жана проблемаларын чечүүжолдору каралган. Азыркы мезгилдеги илимдин жана ондуруштун талаптарына жооп берген экономика багытындагы кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик программаны чечүүдө өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында ийгиликтүү жана жемиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Техникалык университеттерде математиканы окутуунун методикасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Биринчи курста студенттердин математика боюнча мектептен алган базалык билимдерин текшерүү, кошумча консультация-сабактарды уюштуруу студенттердин математикалык билимдерин системалаштырууга жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Математикалык методдорду прикладдык маселелерди чечүүдөпайдалануу үчүн болочок экономисттерге математиканын негизги закондорун үйрөтүүквалификациялуу кадрларды даярдоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ар кандай денгээлдеги илимий конференцияларга студенттеринин катышуусу алардын кесипкөйдүгүн жогорулатып, алган билимдерди пратикалык жактан колдонууга жана илимий-изилдөөиштерди активдуу жүргүзүүгөөбөлгөтүзөт. Кесиптик компетенцияларды калыптандырууда инструменталдык методдорду жана компютердик Mathcad жана MS Excel пакеттерин колдонуунун орду маанилүүэкендиги белгиленген. Азыркы мезгилде математиканы окутуу процессинде кездешүүчүкээ бир негизги көйгөйлөр белгиленнен.

Полный текст