Атаев Б. С.
ОРТО МЕКТЕПТЕ МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУДА ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫН КОЛДОНУУ
Макалада орто мектепте математиканы окутууда электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Заманбап мектептерде электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу баяндалды. Электрондук билим берүү ресурстарынын милдеттери жана аларды сабакты өткөрүүдө колдонулуусу чагылдырылды. Мындан тышкары, макалада электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу менен класстагы маселелерди чечүү жолдорун визуалдык түрдө түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү каралды.