Бариева А Ж
Ч.АЙТМАТОВДУН “ САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ” ПОВЕСТИНДЕГИ ОБРАЗДАР СИСТЕМАСЫ
Бул макалада Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестиндеги каармандардын образдарына токтолдук. Себеби мыкты жазылган чыгармалардын баарында жазуучулар мыкты сапатка ээ болгон, элдин мүдөөсү үчүн жаралган, мекенчил, ак ниет, эмгекчил каармандардын мүнөзүн чагылдырат. Бул да болсо көркөм образдарды окутуу менен бирге студенттерге туура тарбия берүүнүн ыкмасы болуп саналат.