Касымбекова Каныкей Абдибалиевна
УЮМДАРДА УЮМДУК ЖЫМЖЫРТТЫКТЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЛОЯЛДУУЛУГУНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Бул изилдөөнүн максаты - уюмдагы кызматкерлердин жымжырттык жүрүм-турумунун алардын лоялдуулугуна болгон таасирин аныктоо болуп саналат. Изилдөөнүн объектиси катары “Х” мамлекеттик уюму алынып, коюлган максатка жетүү үчүн уюмдун 107 кызматкерине сурамжылоо жүргүзүлдү.