Керимбаев Элчибек Аманбекович

    Керимбаев Э.А.,
ДИСТАНТТЫК САБАК УЧУРУНДАГЫ ОЮНДАР
Страницы:68-72      Язык:  lorem    DOI:10.33514/ BK-1694-7711-2022-2(1)-68-72

Онлайн окутуудагы көйгөйлөрдүн бири: окуучулардын мотивациясынын төмөндөшү, себеби, алардын мектептен жана класс курбуларынан алыс болушу алар менен мамилесинин азайышы же таптакыр жоголушу негизги фактор катары караса болот. Өзгөчө орто мектептин окуучулары узак мөөнөтгө баардык сабактарды аралыктан окуусу чоң көйгөй жаратып, алардын моралдык жактан чарчоосуна, сабактардагы темаларды начар өздөштүрүүсүнө деги эле сабакка болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө алып келиши эч кимге жашыруун эмес. Макалада каралган сунуш: окутуучулар онлайн режиминдеги окуу процессин дистанттык форматта уюштуруу менен жалаң гана тема түшүндүрүү, балдарга аныктама же формула жаттатуу, эсеп чыгартуу, жат жазуу жаздыруу эмес, аны менен чогуу өспүрүмдөрдү белгилүү IT инженерлери тарабынан иштелип чыккан балдардын логикасын жана физикалык кыймылын камсыз кыла ала турган жаңы форматтагы атайын белгилүү өлчөмдө жана көп оорундуу класстар үчүн ылайыктуу оюндар менен ZOOM платформасы аркылуу сабактардын бир бөлүгүн кызыктырып өткөрүү сунушталган.

Полный текст

    Керимбаев Э.А.,
ФИЗИКА ПРЕДМЕТИН ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ КОМПЬЮТЕРДИК СИМУЛЯЦИЯЛАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ОКУТУУ
Страницы:72-77      Язык:  lorem    DOI:10.33514/ BK-1694-7711-2022-2(1)-72-77

Бул макалада орто мектептерде физика предметин окутуунун   жаңы маалыматтык технологияларды колдонууда айрым моделдик ыкмаларды сунуштайт. Учурда кеңири колдонулуп жаткан мобилдик тиркемелер “PhyPhox” сымал  жана “Java Lab”, “Phet Interactive” жана “oPhysics”- платформалардын иштөө функциялары менен мугалимдерди кенен тааныштыруу максатын көздөйт. Мында биз физика предметинин замандын талабына шайкеш келген симуляциялардын жардамы аркылуу окуучуларды так илимдерге болгон кызыгуусун артыруу максатын көздөйт. Окутуучуларга аталган колдонмолор тууралуу көрсөтмөлөрдү берүү дагы маанилүү болуп саналат.

Полный текст