Раева Чынаркүл Тургунбековна

    Раева М.Т., Раева Ч.Т., Жанчарбек к.Н.,
КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАР АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДЫН ТААНЫП-БИЛҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:210-216      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-210-216

Макалада маалыматты иштеп чыгуунун эң заманбап куралы болгон компьютердик оюндардын жардамы менен окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн калыптандыруу каралат, мында ал күчтүү техникалык окутуу куралы болуп, билим берүүдө алмаштырылгыс жардамчы ролун аткара алат.

Полный текст

    Раева Ч.Т., Иманалиева А.К.,
LEARNINGAPPS ОНЛАЙН КЫЗМАТЫН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА ОКУТУУДА КОЛДОНУУ
Страницы:217-221      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-217-221

Заманбап мугалимдин милдети сабакка заманбап технологияларды колдонуу менен даярдануу, билим берүүнүн мазмунун жакшыртууда компьютерлештирүүнүн эң жогорку деңгээли окуу процессине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү болуп саналат. Макалада LearningApps акысыз онлайн кызматтарын окутууда колдонуунун негизги жолдору баяндалат. Окутуудагы Интернетсервистерди маалыматтык ресурстарды биргелешип пайдалануу, интерактивдүү өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу, өз убагында маалымат алуу, алынган билимдин сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, санариптик мектепте окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу боюнча маалымат берилет. Мугалимге LearningApps акысыз онлайн кызматтарын пайдаланып, өз сабактарын иштеп чыгуу менен окуучулардын кызыгуусун арттырууга жетишүүгө мүмкүн экендиги далилденет.

Полный текст

    Раева Ч.Т., Качкынбаева А.К.,
GOOGLE ДИСК МЕНЕН ИШТӨӨ, ПАПКАЛАРДЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА ФАЙЛДАРДЫ ЖҮКТӨӨ
Страницы:140-144      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-140-144

Google Drive менен биз бардык электрондук файылдарыбыздын акыркы версияларын өзүбүздүн google диске сактап каалаган жерден интернет аркылуу колдонсок болот.Интернеттеги файлдар менен биз окуу материалдарын электрондук түрдө ишке ашырсак болот. Google Drive жеке компьютерге орнотулушу мүмкүн, бирок бизде компьютердик каражаттардын жетишпегендигинде байланыштуу мобилдик телефонду аспап катары колдонсок болот. Керектүү файылдарды google диске жүктөөдө кыйынчылыктар болбойт жана ошондой эле (флешка, дискета жана дисктерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ашыкча каражатты үнөмдөйбүз. Интернетке файлдарды жүктөөдө бизге интернет браузерин колдонуңуз. Акыркы версиялар бул репозиторийдеги файлдар сизге каалаган жерден жеткиликтүү болот. Жүктөлүүлөрдөн тышкары ар кандай түрдүү, Google Drive да Google Docs маалыматтарды сактай аласыз. Google Drive жардамы менен сиз файлдарды жана папкаларды жеке колдонуучулар же топтор менен бөлүшө аласыздар. Google диск кызматтарын колдонуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу шарты пайда болот. Заманбап технологияларды колдонууну билүү маанилүү, алар негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Полный текст

    Раева Ч.Т., Керимбаева Н...,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРГА POWER POINT ПРОГРАММАСЫНДА ТЕСТ ТҮЗҮҮ МЕНЕН ОЮНДАРДЫ ЖАСОО
Страницы:145-149      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-145-149

Бул макалада башталгыч класстын окуучулары үчүн Microsoft PowerPoint программасында окууга тиешелүү оюндарды жана тесттерди түзүүгө ынгайлуу программа катары колдонобуз . Бул программа мугалимдер жанан окуучулар үчүн көчүрүп алуу жана баардык компьютерлерде шартуу иштеши менен кызыктырат бул программа аркылуу интерактивдүү презентацияларды түзүүнүн негизги принциптери, ошондой эле текст, сүрөттөр жана анимациялар менен иштөө ыкмалары каралат. Окуу процессин кызыктуу кылууга жана окуучуларды активдүү иш-аракеттерге тартууга мүмкүндүк берген оюндарды жана тесттерди түзүүнүн ар кандай жолдоруна өзгөчө көңүл бурулат. Жооп тандоо, дал келүү, сүйлөмгө сөздөрдү киргизүү сыяктуу тапшырмалардын аткарууга жана ар кандай мультимедиалык кыймылдарды түзчүүгө болот. Мындан тышкары, кагаз, мисалы, математика, орус тили жана дүйнө сыяктуу ар кандай сабактар үчүн оюндарды жана суроолорду түзүү үчүн практикалык мисалдарды келтирүүгө болот. Мисалдардын ар бири үчүн тапшырманы түзүү үчүн зарыл болгон кадамдардын деталдуу түшүндүрмөсү берилет.Ошентип, бул иш окуу процессин жакшыртууга жана окуучулардын мотивациясын жогорулатууга жөндөмдүү интерактивдүү жана кызыктуу окуу материалдарын түзүүгө кызыкдар болгон башталгыч класстардын мугалимдери үчүн пайдалуу .

Полный текст