#2 (1), 2023

ФИЛОЛОГИЯ

    Айталиева Т.К.,
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ “КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ” АТТУУ ЭПИЗОД
Страницы:238-241      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-238-241

“Манас” эпосундагы “Көзкамандар окуясы” аттуу эпизод тууралуу изилдөө жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү байкоого болот. Адамдардын ортосундагы туугандык наркты бузуп, көрө албастык менен кыянаттык иштерге барган, жакшылык жасаган адамга жамандык жасаган жетесиздикти жеткиликтүү сүрөттөгөн эпизоддордун бири деп айтууга болот. Бир мезгилдерде душмандарынан кордук көрүп, өз жерин таштап качып, башка элдин арасына барып жашап, алардын каада-салтын кабыл алып жашап калышкан Манас баатырдын туугандары анын кан болгонун билишип, туулган жерибизди таап, тууганыбызга жакын жашасак деген ой менен кат жөнөтүшүп, кайтып келишет. Бирок алардын ичтеринде арам ойлору болот. “Биз тең ата туугандарбыз, Манастын ордуна биз эмнеге кан боло албайбыз.”-деген арам ойлору аларга тынчтык бербей, натыйжада, алар Манас баатырды конокко чакырып, тамагына уу кошуп берип жок кылууну көздөшөт. Макалада залкар манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаевдердин варианттарында “Көзкамандар окуясы” жана Сайф ад-дин Аксыкентинин “Маджму атут-таворих” аттуу эмгегинде Манасты ууландыруу окуясынын сүрөттөлүшүндөгү окшоштуктар жана айырмачылыктар кеңири изилдөөгө алынган.

Полный текст


СОДЕРЖАНИЕ


МЕТОДИКА ПРЕПОДАВАНИЯ

    Адилбекова Н.А., Ойчуева Р.Р., Атабаев С.К.,
ИНФОРМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮ МОДЕРНИЗАЦИЯЛООНУН ТЕОРИЯЛЫК ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Страницы:3-7      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-3-7

Макалада «Информатика жана информациялык технология боюнча билим берүүнү модернизациялоонун теориялык жана методологиялык негиздери» -деп берилип, бул предметтердин теориялык жана практикалык структурасынын мазмуну башкача айтканда окуу планы, окуу программалары, теориялык жана практикалык жактан окутуунун методдору, илимий–педагогикалык жаңылыктары, окутуунун каражаттарын түзүү, окуу процессине киргизүү деп эсептедик. Ошону менен бирге окутуунун методикасында теориялык, практикалык жактан окутуучунун жеке чыгармачылыгы, жаңы информациялык технологиянын жардамы менен окутуудагы негизги принциптери, окутуунун илимий-педагогикалык ишмердүүлүктөрдүн жетишкендиктерин пайдалануу жана өркүндөтүү, окутуунун инновациялык технологияларын коомдун жаңы талаптарына ылайык окуу процессинде ишке ашыруу негизделди.

Полный текст

    Ажибекова А.Т.,
АЛГЕРБРА КУРСУ БОЮНЧА ОКУУ ПРОГРАММАЛАРДЫН ЖАНА АДАБИЯТТАРДЫН АНАЛИЗИ
Страницы:8-15      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-8-15

Бул макалада окуу китебисиз жана ага кошумча түзүлүүчү колдонмолорсуз бул окуу жайларынын алдына коюлуучу милдеттердин аткарылышын элестетүү мүмкүн эместиги берилген. Мектептин окуу китеби бүткүл окуу процессинин өзүнчө бир сценарийи деп эсептөөгө болот, анткени ал окутуунун мазмунун гана эмес белгилүү даражада аны менен иштөөнүн методикалык ыкмаларын да аныктайт, ал гана эмес мында иштин жалпы маанайы, окутуучунун да, окуучунун да көңүлү камтылат. Социалдык жактан багытталган базар экономикасына өтүүнүн шартындагы билим берүүнүн өнүгүү этабына ылайык окуучулардын өз алдынча иштери эң чоң мааниге ээ болуп жаткан кезде окуу китебинин ролу өзгөчө жогорулап өсүп жатат. Окуу китеби мурдагыдай информациялардын пассивдүү жыйындысы болуудан арылып, азыр эми ал дидактикалык активдүү системага айланып, окуучунун өзүн өзү контролдоосун, өзүн өзү түзөтүп, оңдоосун камсыз кылуучу, анын рухий жактан жетилүүсүнүнө, логикалык ойлоосунда өсүп өнүгүшүнө жана тил маданиятынын калыптанышына натыйжалуу таасир этүүчү каражатка айланып олтурат. Окуу китеби билим берүүнүн мазмунун өздөштүрүүнүн каражаты катары берилген предметтик программадагы окуу материалды толук камтуу менен катар ал илимдин тиешелүү тармагы боюнча окурмандарга эң керектүү энциклопедиялык сөздүк болуп да кызмат кылат. Окуу китебинде берилген илимий таануу идеяларын калыптандыруунун негизин түзөт. Анткени окуу китебинде билим берүүнүн мазмунун. 1 – компоненти: жаратылыш, коом, техника, адам, иштеп эмгектенүүнүн ыкмалары, илимий далилдер, маанилүү терминдер жана таанып билүүлөр, илимдин негизги закондору жана теориялары, методологиялык жана баа берүүчүлүк билимдер баяндалып берилет.

Полный текст

    Ажиматова Э.Ж., Абдукаимова А.Ж., Ысмайыл к.А.,
ОН ИЧИНДЕГИ САНДАРДЫ КОШУУ ЖАНА КЕМИТҮҮ КӨНДӨМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ ПРОЦЕССИНДЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ИШ-АРАКЕТТЕРИН АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ
Страницы:16-23      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-16-23

Булмакалада10 ичиндекошуужанакемитүүкөндүмдөрүнкалыптандыруупроцессиндеокуучулардыниш-аракеттеринактивдештирүүыкмаларыкаралат. Булкөндүмдөрдүкалыптандыруутеориясыдабаяндалган. Учурдамектептеокуучулардынтааныпбилүүжөндөмдүүлүгүнактивдештирүүгөкөпкөңүлбурулууда. Көптөгөнмугалимдерөзпрактикасындаокуучулардынкласстагыактивдүүлүгүнөөбөлгөтүзгөнаркандайыкмалардыколдонушат. Таанып-билүүиш-аракетиадамдынжашоопроцессиндекалыптангандыктан, бугамугалимдинсалымычоң. Окуучунунишмердүүлүгүкенже мектеп окуучусунанкыйлатаанып-билүү каражаттарынталапкылат. Ал эми мугалим окуучуда бул каражаттар бар же жок экенин билиши керек. Анткени, көп учурда, көптөгөн студенттер кыйынчылыктан улам бир бөлүмдү же теманы өздөштүрө алышпайт. Таанып-билүү иш-аракетин активдештирүү боюнча иш жүргүзүү мектеп окуучуларынын окуу ишмердигине оң көз карашын калыптандыруу, алардын изилденип жаткан предметтер боюнча терең билимге болгон умтулуусун өнүктүрүү дегенди билдирет.

Полный текст

    Алибекова Г.У., Джумабаева А.Н., Акпаралиева Б.А.,
«PLIKERS» QR-КОД ПЛАТФОРМАСЫ МЕНЕН САБАКТАРДЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ
Страницы:23-30      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-23-30

Бул макалада окуучуларды заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү жана аларга бул жаңы платформаларды калыптандыруу маселелери каралат. Plickers бул интерактивдүү усулга негизделген каражат, ал окуучулардын сабакка катышуусуна көмөктөшөт. Ал интерактивдүү викториналарды же сурамжылоолорду өткөрүү үчүн физикалык карталарды жана мобилдик тиркемени колдонууну айкалыштырат. Plickersплатформасын колдонуу ар кандай маалыматтык булактарга жетүүнү камсыз кылуу менен билим берүүнүн мазмунун байытууга өбөлгө түзөт. Мында Plickersплатформасын колдонуу аркылуу окуучуларга белгилүү бир өлчөмдөгү билимди жеткирүү гана эмес, алардын таанып-билүүсүн, өз алдынча ой жүгүртүүсүн, умтулуусун өнүктүрүү жана алар алган билимдерин практикада колдонуусуна жетишүү, заманбап жетишкендиктер менентааныштыруу болуп саналат.  Макалада Plickers платформасынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары жана аны табигый илимдерге колдонуусу каралат.

Полный текст

    Байсубанова А.К.,
ЖОЖДО СТУДЕНТТЕРДИН ТОЛЕРАНТТУУЛУК МАДАНИЯТЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭКСПЕРИМЕНТТИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Страницы:31-35      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-31-35

Бул макаланын мазмуну жогорку окуу жайындагы студенттер арасында толеранттуулук маданиятын өнүктүрүүгө багытталган педагогикалык экспериментке талдоо болуп саналат. Изилдөөнүн жүрүшүндө инновациялык методдор жана педагогикалык ыкмалар, анын ичинде тренингдерди, топтук дискуссияларды уюштуруу колдонулду. Авторлор колдонулган педагогикалык методдордун студенттердин толеранттуулук деңгээлине тийгизген оң таасирин тастыктаган анкеталардын жана байкоолордун натыйжаларын көрсөтүшөт. Жыйынтыктап айтканда, ачык жана сыйлуу коомду калыптандыруу үчүн ушул сыяктуу педагогикалык программаларды жогорку билим берүүнүн окуу процессине интеграциялоонун маанилүүлүгү баса белгиленет.

Полный текст

    Балтиева Р.Ю.,
ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЕ УСЛОВИЯ "ЛИНЕЙНОЙ" И БОЛОНСКОЙ СИСТЕМ ОБРАЗОВАНИЯ" В КАЗАХСТАНЕ И ЗА РУБЕЖОМ
Страницы:35-40      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-35-40

В статье рассматривается актуальная проблемаобразовательных условий «линейной» и «болонской систем образования» в Казахстане и за рубежом. В эпоху быстрых изменений и глобализации система образования во всем мире стоит перед необходимостью постоянного обновления и совершенствования. Сравнительный теоретический анализ образовательных условий двух различных систем позволяет рассмотреть их реализацию в разных странах, показать преимущества и недостатки, сопутствующих каждой из них, а также их влияние на обучающихся и на общество в целом, оказывающих значительное влияние и развитие на будущее молодого поколения. 

Полный текст

    Джапарова С.Н., Макеева С.А., Омурбекова Ш.О.,
КОШУУНУН АЛГАЧКЫ ТАБЛИЦАСЫН ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ
Страницы:40-48      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-40-48

Амалдарды тез жана сапаттуу аткаруу билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу иши башталгыч математика курсун окутуунун негизги маселелеринин бири. Амалдарды сапаттуу аткаруу б.а. эсептөө билгичтиги – бул составындагы ар бир операция контролдоо менен аң сезимдүү аткарыла турган акыл же практикалык иш – аракеттерди иш жүзүнө ашыруу дегендик болот. Кандай гана эсептөө ыкмасы болбосун, аны операциялардын кандайдыр бир удаалаштыгы катарында кароого болот. Ал эми ошол операциялардын ар бирин аткаруу, белгилүү бир математикалык түшүнүк же касиет менен байланышта жүргүзүлөт. Мисалы, көп орундуу сандарды бир орундуу санга бурч менен бөлүүдө колдонула турган ыкмалар, алардын разряддык составы, толук эмес бөлүнүүчү, тийиндинин жүздүгү, ондугу, бирдиги жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөргө жана калдыктуу бөлүүнүн а = в q + r , 0≤ r<b деген формула менен (мында а саны бөлүнүүчү, в бөлүүчү, q тийинди, ал эми r болсо калдык) бериле турган касиетке таянуу менен ишке ашырылат.

Полный текст

    Джумабаева А.Н., Акпаралиева Б.А.,
МЕКТЕПТЕ МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ПРЕДМЕТТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:48-52      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-48-52

Бул макала туруктуу өнүгүү максаттарын колдонуу менен математика сабагында окуучулардын предметтик компетенттүүлүгүн калыптандырууга арналган. Теориялык жана методологиялык негиздерин талдап, ошондой эле сабактарда туруктуу өнүгүү мактсаттарын аныктаган бир канча маселелер жана тапшырмалар менен окутуунун натыйжаларын сүрөттөшөт. Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын колдонуу окуучулардын математиканы окууга болгон мотивациясын жогорулатууга гана эмес, ошондой эле алардын математикалык билимдерин жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдонууга байланыштуу предметтик компетенттүүлүгүн калыптандырууга мүмкүндүк берери аныкталган. Жыйынтыктап айтканда, сапаттуу билим берүү жана окуучуларды заманбап дүйнөдө жашоого даярдоо үчүн туруктуу өнүгүү максаттарын билим берүү процессине интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиленди.

Полный текст

    Джунусбекова Г.Ш.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН МАТЕМАТИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:52-58      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-52-58

Макала окутуудагы компетенттүүлүк мамиле “компетенция” түшүнүгүнүн келип чыгышы, негизги жана предметтик компетенциялар, башталгыч класста математикалык компетенттүүлүктү калыптандыруу жөнүндө жазылган. Педагогикалык адабияттарда компетенттүүлүк– бул адамдын тиешелүү билимдердин, билгичтиктердин элементтерин жана иш - аракеттеринин ыкмаларын белгилүү бир кырдаалда өз алдынча колдоно алуу жөндөмдүүлүгү деп жазылат. Математика предметин окутууда негизги жана предметтик деп аталып, эки түрдүү компетенттүүлүк каралат. Негизги компетенттүүлүккө маалыматтык, социалдык-коммуникациялык, өз ишин уюштура билүү компетенттүүлүктөрү кирет. Предметтик компетентүүлүк математикалык жаңы маалыматтарды кабыл алуу, математикалык түшүнүктөрдү тереңдетүү,математикалык көндүмдөрдү талдоо, теория менен практиканы байланыштыруу аркылуу калыптанат.

Полный текст

    Зикирова Г.А., Мамасадыкова Ч.Т., Таштемирова А.А.,
КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРДА ТИГҮҮ БУЮМДАРЫН КОНСТРУКЦИЯЛОО, МОДЕЛДЕШТИРҮҮ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯСЫ АДИСТИГИНДЕГИ СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮНӨ БАГЫТТАЛГАН ТАПШЫРМАЛАР
Страницы:59-66      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-59-66

Бул макалада азыркы мезгилдин талабына ылайык кесиптик окуу жайлары дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинин өнүгүү шартында эгемендүү Кыргыз Республикабыздын өнүгүүсүнө салым кошуучу, учурдун талабына ылайык кесиптик компетенттүүлүгү калыптанган болочок модельер-конструкторду даярдоону көздөйт. Ар түрдүү багыттагы окуп жаткан студенттер үчүн, окуу учурундагы алган теориялык билими, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң мааниге ээ. Болочоктогу адисти кесипке багыттап окутуу менен жаны түшүнүктөргө ээ кылуу, ошондой эле бир катар маселелерди заманбап көз менен карап ага байланыштуу көнүгүүлөрдү анализ кылууга, тура жыйынтык чыгарууга, кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтүү пайдалана билүүгө көнүктүрүү. Ошондуктан, математиканы окутууда болочоктогу модельер-конструкторду, дизайнерлер үчүн адистигине карата тиешелүү маселелер жана тапшырмалар менен иштөө эффективдүү жыйынтыкты бере тургандыгын көрсөтүлөт.

Полный текст

    Зулпукарова Д.И., Кулчинова Г.А., Сманова Н.Т.,
ОКУУЧУЛАРДЫН ИКТ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУДА БУЛУТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫНЫН РОЛУ
Страницы:66-73      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-66-73

Учурда педагогдор окуучулардын информациялык коммуникативдик технологиялар боюнча компетенттүүлүгүн калыптандырууда түрдүү билим берүү платформаларынан колдонуп келишет. Бүгүнкү күндө булут технологияларынын колдонуу чөйрөсү күндөн күнгө кеңейүүдө. Окуу процессине багытталган информациялык технологиялардын дүркүрөп өнүгүүсү окуу процессин заманбап технологиялардын жардамында уюштуруу талабын коюуда. Ошондуктан окуучулардын предметке болгон кызыгууларын арттыруу, заманбап интернет тиркемелерин өз практикасында колдоно алуусу үчүн булут технологиялары болгон Google сервистери: Google диск, документтер, таблицалар, презентациялар, форма, классрум, онлайн доска менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү каралды. Мугалимдер Google сервистеринин жардамында окуу процессинин эфективдүүлүгүн арттыруучу жана окуучуларды сабакка кызыктыруучу тапшырмаларды түзүп колдоно алышат.

Полный текст

    Калдыбаева А.Т., Байсубанова А.К.,
ПЕДАГОГИЧЕСКИЕ УСЛОВИЯ ФОРМИРОВАНИЯ КУЛЬТУРЫ ТОЛЕРАНТНОСТИ В ОБРАЗОВАТЕЛЬНОМ ПРОЦЕССЕ
Страницы:73-78      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-73-78

Данная статья посвящена исследованию и анализу педагогических условий, необходимых для эффективного формирования культуры толерантности в современном образовательном процессе. Авторы рассматривают роль образования в развитии толерантности как ключевого элемента гражданского общества. В статье представлены результаты эмпирических исследований, включающих анкетирование студентов, анализ педагогических практик и внедрение инновационных методов в образовательный процесс. В заключении, авторы подчеркивают важность содействия толерантности в образовательной среде для формирования гармоничного и взаимопонимающего общества в будущем.

Полный текст

    Калыкова П.М., Акпаралиева Б.А.,
ИНТЕРАКТИВДУУ ПАНЕЛДИ САБАКТАРДА КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК
Страницы:79-83      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-79-83

Бул макалада интерактивдүү панелди сабактарда колдонуунун жолдору каралган. Интерактивдүү панелдерди колдонуу студенттерге сабакта үйрөнүлүп жаткан материалды жаңыдан карап чыгууга гана эмес, окутуучуга ар кандай темаларды жана бөлүмдөрдү окутуу концепциясын өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Окуу жайлардын окуу процессине студенттерди даярдоодо санариптик технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгү белгиленет. Электрондук досканын жардамында “Стандарттуу эмес формадагы фигуралар менен иштөө” көрсөтүлгөн жана интерактивдүү панель менен иштөөдө бир катар олуттуу артыкчылыктары белгиленген Интерактивдүү панелдерди сабактын каалаган этабында колдонуусу, билимди актуалдаштырууда, үйрөнүлгөн материалды кайталоо, окутуучу материалды түшүндүрүүсүнө демонстрациялоо, практикалык көндүмдөрдү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүдө багытталган тапшырмалар жана көнүгүүлөрдүн жардамы менен жаңы билимдерди бекемдөө каралган.

Полный текст

    Мадраимов С.М.,
ОРТО МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКАСЫН ОКУТУУДА ПРОБЛЕМАЛУУЛУКТАН ПАЙДАЛАНУУ
Страницы:83-90      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-83-90

Бүгүнкү күндө ар бир мугалимдин негизги милдети билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү бекем жана аңсезимдүү өздөштүрүү гана эмес, ошондой эле окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүү, аларды чыгармачылыкка тартуу болуп саналат. Ошондуктан биздин макалабыз “Орто мектептин математикасын окутууда проблемалуулуктан пайдалануу” деп аталат, проблемалык окутуунун маңызы В.Оконь, И.Я.Лернер, Т.В.Кудрявцев, М.И.Махмудовтор тарабынан каралган. Проблемалык кырдаал жана алардын түрлөрү каралып, 7-9-класстардын геометриясы боюнча айрым темаларды проблемалуулуктан пайдаланып окутуу сунуш кылынган. Проблемалуу окутуу учурдун талабы экендиги айтылып, ал окуучуларды изилдөө аркылуу үйрөтүүгө, өз алдынча билим алууга көнүктүрүү баса белгиленген.

Полный текст

    Маматова З.Б.,
КАЛЬКУЛЯТОРДУН ЖАРДАМЫСЫЗ САНДЫ КУБКА КӨТӨРҮҮ ЖАНА КУБДУК ТАМЫРДАН ЧЫГАРУУ
Страницы:90-94      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-90-94

Барбара Оакли, т.и.д. мээнин сөңгөгүнүн клеткаларын изилдөөчү жана "Математик сыяктуу ойлон: ар кандай маселелерди кантип тезирээк жана натыйжалуу чечүүгө болот " аттуу эмгектин автору:

 «Математика бизди «сыйкырдуу ой жүгүртүүдөн» куткарат - биз нерселердин маанисине терең кирүүгө умтулабыз жана кокустуктарга жана жогорку күчтөргө таянбайбыз».

Кызыктуу изилдөө 2014-жылы Nature Neuroscience журналында жарыяланган. Биринчиден, ал балдардын активдүүлүгүн өнүктүрүүдө гиппокамптын (мээдеги аймак) ролун изилдөөгө арналган. Бирок анын кыйыр тыянактары төмөнкүдөй:

  • балаңыздын мектепте математикадан эч кандай көйгөйү жок болушун кааласаңыз, эс тутумун эрте жашынан машыктырыңыз;
  • математикалык маселелерди чечүү эс тутумун өнүктүрөт.

Полный текст

    Мурзабаев К.К., Култаева Д.Ч., Акбарали у.Д.,
ИНТЕГРАЦИЯЛАП ОКУТУУ ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУНУН КАРАЖАТЫ КАТАРЫ
Страницы:95-105      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-95-105

Азыркыучурдачыныгыдүйнөтууралуубилимдибөлүктөпокутууаркылуу эмес,интеграциялапокутууаркылууалуумаселесиөзактуалдуулугункөрсөтүүдө. Мындайокутуунуннатыйжасындаокуучунунбилимитолукболуп,чыныгыдүйнө тууралуутүшүнүгүбирбүтүндүүлүккөайланат.ЭларалыкПИЗАжанаТИМСС изилдөөлөрүдагыокуучунунбилимдерининартараптуулугунбаалоонукөздөйт. Интеграциялап окутуу чеберчилик менен сабак өтүүгө мугалимдердин даярдыгын талап кылып, ар тараптуу кызыктуу материалдарды издөөгө, техниканы колдонуу менен сабак өтүүгө аларды мажбур кылат. Айрыкча тектеш предметтерди интеграциялоо жакшы натыйжасын берип, келечек муундарды туура тарбиялоого түрткү берет. Интеграциялап окутуу – азыркы учурдун талабына ылайык эң керектүү технология болуп саналат. Макаладаматематикапредметинбашкапредметтермененинтеграциялапокутуунун артыкчылыктуужактарыбелгиленген.

Полный текст

    Муратов А.Ж., Мырзабекова Н.М.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРДЫ ОКУТУУ ҮЧҮН МУГАЛИМДЕРДИ «ИННОВАЦИЯ», «ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР» ТҮШҮНҮКТӨРҮНҮН ТЕОРИЯЛЫК КОНЦЕПЦИЯЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ
Страницы:106-111      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-106-111

Бул макала орто мектептин башталгыч класстарындагы адабий окуу сабагында көркөм чыгармаларды талдоо процессинде инновациялык технологияларды колдонуу үчүн «инновация», «инновациялык технологиялар» деген түшүнүктөргө терминологиялык аныктама берилет. Азыркы учурда башталгыч класстагы окуучулардын адабий билимин өркүндөтүү, ошол аркылуу алардын руханий-адептик тарбиясын жогорулатуу, эстетикалык табитин көтөрүү, тилдик, этномаданий жана адабий-теориялык, социалдык коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу актуалдуу проблемалардын бири болуп эсептелет. Макаланын максаты – инновациялык процесстин дүйнөлүк илимдеги, анын ичинде кыргыз педагогикасындагы эволюциясын көрсөтүү. Заманбап талаптарга ылайык чыгармаларды талдоону инновациялоого коюлган педагогикалык шарттар жана критерийлер чагылдырылат. Макаланы жазууда автор тарабынан илимий булактарга таянуу, анализ, салыштыруу методдору колдонулду жана орус, дүйнөлүк педагогдордун эмгектери методологиялык негиз катары пайдаланылды. Көрсөтүлгөн методикалык сунуштарды чыгармачылык менен мугалимдер ар бир сабагында колдонууга болот. Макала жогорку окуу жайынын студенттерине, магистрлерге жана мектептин башталгыч класстардын мугалимдерине арналат.

Полный текст

    Мырзабекова Н.М.,
ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ТИЛДИК-КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРҮН ӨРКҮНДӨТҮҮ
Страницы:112-117      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-112-117

Бул макала орто мектептин башталгыч класстарындагы адабий окуу сабагында көркөм чыгармаларды талдоо процессинде колдонуу үчүн «компетенттүүлүк», «тилдик-коммуникативдик компетенттүлүк», «инновациялык технологиялар» деген түшүнүктөргө теориялык аныктама берүүгө арналган. Ааламдашуу доорунда массалык маданият окуучулардын руханий-адептик тарбиясына гана эмес, алардын эне тилин өздөштүрүүсүнө да терс таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан көркөм чыгармаларды окуп, ал аркылуу окуучулардын эстетикалык табитин көтөрүү, тилдик, этномаданий жана адабий-теориялык, социалдык коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу актуалдуу проблемалардын бири. Макаланын максаты – инновациялык технологиялар менен окуучулардын компетенттүүлүктөрүн жогорулатуунун зарылдыгын көрсөтүү. Чыгармаларды талдоону инновациялоо – азыркы адабиятты окутууга коюлган педагогикалык шарттар негизгилеринин бири. Макаланы жазууда автор тарабынан илимий булактарды изилдөө, анализ, синтез, типологиялык салыштыруу методдору колдонулду жана орус, дүйнөлүк педагогдордун эмгектери методологиялык негиз катары пайдаланылды. Айтылган методикалык сунуштардан башталгыч класстын мугалимдери көркөм чыгарманы интерпретациялоонун инновациялык технологияларын колдонууну үйрөнөт. 

Полный текст

    Мырзабекова Н.М.,
ТИЛДИК-КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ ЖЕТИШҮҮНҮН ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТИН КРИТЕРИЙЛЕРИ
Страницы:117-122      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-117-122

Бул макала башталгыч класстардагы адабий чыгармаларды талдоо процессинде окуучулардын тилдик-коммуникативдик компетенттүлүктөрүн инновациялык технологиялар менен ишке ашыруунун теориясын көрсөтүүгө арналат. Азыркы учурда мектеп окуучулардын социалдашуусу тилдик байлыктары, тилди колдоно билүүсү менен байланышат. Ошондуктан көркөм чыгармаларды окуп, талдап, ал аркылуу окуучулардын тилдик, этномаданий жана адабий-теориялык, социалдык коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу актуалдуу проблемалардын бири. Макаланын максаты – инновациялык технологияларды колдонуп окуучулардын тилдик-коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуунун технологияларын көрсөтүү. Чыгармаларды талдоону инновациялоо жана компетенттүүлүккө негиздеп окутуу – азыркы адабиятты үйрөтүүгө коюлган педагогикалык талаптардын бири. Макала жогорку окуу жайынын студенттерине, магистрлерге жана мектептин башталгыч класстардын мугалимдерине арналат.

Полный текст

    Назарбаева М.Т., Джапарова С.Н., Керезбек к.В.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА КУРСУНДА АЛГЕБРАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Страницы:122-129      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-122-129

Макаладабашталгычмектептинматематикакурсундаокутуулуучуалгебралыкматериалдардыокутуунунжалпымүнөздөмөсүкаралды. Математиканын баштапкы курсунда алгебранын элементтерин окуп үйрөнүү арифметикалык материал менен тыгыз байланышта ишке ашырылат. Маселен, эң жөнөкөй сызыктуу теңдемелерди чыгарууда адегенде алгебралык апараттын ордуна арифметикалык амалдардын компоненттери менен натыйжаларынын ортосундагы байланыштар колдонулса, кийинчерээк теңдеме түзүү менен чыгаруу ишке ашырылат. Программанын талабына ылайык, башталгыч класстарда окуучулар тамгаларды математикалык символ катарында колдоно баштоону үйрөнүшөт, алгебралык-туюнтма, барабардык, барабарсыздык, теңдеме сыяктуу түшүнүктөр менен таанышышат жана айрым текстүү маселелерди теңдеме түзүү менен чыгаруу боюнча алгачкы билимдерге ээ болушат. Башталгычкласстардаалгебранынэлементтеринокутуудаокуучулардыкызыктыруумаксатындаонлайнинтерактивдүүоюндардынжардамыменентеӊдеметүшүнүгүнкиргизүүнүнжолдорукаралды.

Полный текст

    Ойчуева Р.Р., Адилбекова Н.А., Эceнбaй у.C., Атабаев С.К., С.К.,
ЖOГOPКУ OКУУ ЖAЙЫНДAГЫ ИНЖEНEPДИК-ТEХНИКAЛЫК AДИCТИКТEPГE МAТEМAТИКA КУPCУН OКУТУУНУН МEТOДИКACЫ ЖAНA МOДИФИКAЦИЯCЫ ЖӨНҮНДӨ
Страницы:129-135      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-129-135

Бул мaкaлaдa зaмaнбaп инжeнep aдиcтиктepинe caлттык жoгopку мaтeмaтикa куpcун oкутуунун мeтoдикacын кaйpa бaштaн кapaп чыгуунун зapылчылыгы тaлдaнгaн жaнa учуpдун тaлaбынa жooп бepгeн инжeнepлepди дaяpдoo үчүн мaтeмaтикa илиминин кaйcы бөлүмдөpүн oкутуу мaкcaткa ылaйыктуу бoлoopу кapaлгaн. Мaкaлaдaнын нeгизги мaкcaты бүгүнкү күндө инжeнepдик кecиптe oкуп жaткaн жoгopку oкуу жaйлapынын cтудeнттepи үчүн мaтeмaтикa илими кaнчaлык мaaнилүү экeндигин туюнтуу, oкутуунун мeтoдикacын өpкүндөтүүнүн зapылчылыгын aчып көpcөтүү, зaмaнбaп тeхнoлoгиялap мeнeн иш жүpгүзгөн жaнa кoюлгaн мaceлeлepди чeчүүдө кpeaтивдүү oй жүгүpтө билгeн – мaтeмaтикaны тepeң түшүнгөн квaлификaциялуу инжeнepдик кaдpлapды дaяpдooнун жaңы пpинциптepин иштeп чыгуу. Oшoндoй элe мaтeмaтикa диcциплинacын oкутуу үчүн мaaлымaттык-кoммуникaциялык тeхнoлoгиялapды кoлдoнуу зapылчылыгы көpcөтүлдү.

Полный текст

    Орозалиева А.Б.,
ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТҮШҮНҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ЫКМАЛАРЫ
Страницы:135-139      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-135-139

Макалада геометриялык түшүнүктөрдү түрү, теги жана мазмуну аркылуу калыптандыруу каралды. Математикалык түшүнүктөр ой-жүгүртүү менен чыныгы дүйнөнүн формасынын жана катыштарынын арасындагы байланыштарынын чагылышы. Ар бир түшүнүк мазмуну, көлөмү жана башка түшүнүктөрдүн арасындагы байланыштар аркылуу аныкталат. Ошондуктан кандайдыр бир жаңы түшүнүктөрдү берүүдө алардын мурдагы берилген түшүнүктөр менен окшош жактарын, айырмачылыктарын жана ал түшүнүктөрдүн кайсыл түшүнүктөрдөн келип чыккандыгын туура жана жеткиликтүү берүү жана калыптандыруу методикалык чоң мааниге ээ. Түшүнүктөрдү аныктоо жана классификациялоо процесси берилди.Геометриялык түшүнүктөрдү маселелер аркылуу калыптандыруунун ыкмалары каралды.

Полный текст

    Раева Ч.Т., Качкынбаева А.К.,
GOOGLE ДИСК МЕНЕН ИШТӨӨ, ПАПКАЛАРДЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА ФАЙЛДАРДЫ ЖҮКТӨӨ
Страницы:140-144      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-140-144

Google Drive менен биз бардык электрондук файылдарыбыздын акыркы версияларын өзүбүздүн google диске сактап каалаган жерден интернет аркылуу колдонсок болот.Интернеттеги файлдар менен биз окуу материалдарын электрондук түрдө ишке ашырсак болот. Google Drive жеке компьютерге орнотулушу мүмкүн, бирок бизде компьютердик каражаттардын жетишпегендигинде байланыштуу мобилдик телефонду аспап катары колдонсок болот. Керектүү файылдарды google диске жүктөөдө кыйынчылыктар болбойт жана ошондой эле (флешка, дискета жана дисктерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ашыкча каражатты үнөмдөйбүз. Интернетке файлдарды жүктөөдө бизге интернет браузерин колдонуңуз. Акыркы версиялар бул репозиторийдеги файлдар сизге каалаган жерден жеткиликтүү болот. Жүктөлүүлөрдөн тышкары ар кандай түрдүү, Google Drive да Google Docs маалыматтарды сактай аласыз. Google Drive жардамы менен сиз файлдарды жана папкаларды жеке колдонуучулар же топтор менен бөлүшө аласыздар. Google диск кызматтарын колдонуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу шарты пайда болот. Заманбап технологияларды колдонууну билүү маанилүү, алар негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Полный текст

    Раева Ч.Т., Керимбаева Н...,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРГА POWER POINT ПРОГРАММАСЫНДА ТЕСТ ТҮЗҮҮ МЕНЕН ОЮНДАРДЫ ЖАСОО
Страницы:145-149      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-145-149

Бул макалада башталгыч класстын окуучулары үчүн Microsoft PowerPoint программасында окууга тиешелүү оюндарды жана тесттерди түзүүгө ынгайлуу программа катары колдонобуз . Бул программа мугалимдер жанан окуучулар үчүн көчүрүп алуу жана баардык компьютерлерде шартуу иштеши менен кызыктырат бул программа аркылуу интерактивдүү презентацияларды түзүүнүн негизги принциптери, ошондой эле текст, сүрөттөр жана анимациялар менен иштөө ыкмалары каралат. Окуу процессин кызыктуу кылууга жана окуучуларды активдүү иш-аракеттерге тартууга мүмкүндүк берген оюндарды жана тесттерди түзүүнүн ар кандай жолдоруна өзгөчө көңүл бурулат. Жооп тандоо, дал келүү, сүйлөмгө сөздөрдү киргизүү сыяктуу тапшырмалардын аткарууга жана ар кандай мультимедиалык кыймылдарды түзчүүгө болот. Мындан тышкары, кагаз, мисалы, математика, орус тили жана дүйнө сыяктуу ар кандай сабактар үчүн оюндарды жана суроолорду түзүү үчүн практикалык мисалдарды келтирүүгө болот. Мисалдардын ар бири үчүн тапшырманы түзүү үчүн зарыл болгон кадамдардын деталдуу түшүндүрмөсү берилет.Ошентип, бул иш окуу процессин жакшыртууга жана окуучулардын мотивациясын жогорулатууга жөндөмдүү интерактивдүү жана кызыктуу окуу материалдарын түзүүгө кызыкдар болгон башталгыч класстардын мугалимдери үчүн пайдалуу .

Полный текст

    Сатыбалдыев А.Б., Жороева М.К., Кылычова Н.Э.,
ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТТАР БОЮНЧА ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДИ ИНСАНГА БАГЫТТАП ОКУТУУНУН МЕТОДДОРУ
Страницы:149-153      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-149-153

Макалада техникалык багытта билим алып жатышкан студенттерди инсанга багыттап окутуу технологияларын колдонуп окутуунун зарылдыгы, мааниси жана методдору каралган. Заманбап өндүрүштөргө техникалык багыттагы адистерди даярдоодо жогорку окуу жайлардын билим берүү мазмунун жана сапатын жакшыртуу негизги маселелердин бири болуп эсептелет. Азыркы учурдун талабына ылайык адистерди даярдоодо инсанга багыттап окутуунун максаты – ар бир инсандын жөндөмүн ачып аныктоо, аны өнүктүрүү, илимий билимдерге өз алдынча жетишүүгө, билимдерин жаңылоого жана пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат. Макалада техникалык багыттар боюнча окутуунун өзгөчөлүктөрү, ушул багытта окуган студенттерди инсанга багыттап окутуунун методдорунун бир канчасы берилген.

Полный текст

    Сейитказыева Г.И., Маматова В.Т., Курбанбекова Э.К.,
МОБИЛДИК ТИРКЕМЕЛЕРДИ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДА КОЛДОНУУ
Страницы:153-159      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-153-159

Модернизацияланган окутуу системаларын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жакшы окуу чөйрөсүн камсыз кылуучу, алар менен каалаган колдонуучулардын иштөөсүнө мүмкүндүк берүүчү технологияларды колдонуу максатка ылайыктуу. Мобилдик тиркемелерди окуу процессине киргизүү көптөгөн функциялардын (үн байланышы, билдирүүлөр, видео жана аудио алмашуу ж.б.) жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Андан сырткары заманбап акылдуу гаджеттер окуу процессин жайгашкан жерине, убакытка карабастан уюштурууга жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле мобилдик түзүлүштөр бир гана студенттин өзүнө гана таандык болгондуктан, студент билим берүү процессин үзгүлтүксүз уланта алат жана каалаган убакта тапшырмаларды аткара алышат. Ал эми мугалимдер үчүн аудиториядан тышкары пассивдүү окууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Булмакаладабилимберүүнүнжаңытенденциясыболгонмобилдик компиляторлорсүрөттөлүп,алардыколдонуунунмаксаткаылайыктуулугужана натыйжалуулугусунушталган.

Полный текст

    Стамалиева К.А., Боруева С.Ш., Баймомурова А.А.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКАСЫН ОКУТУУДА ТАРЫХЫЙ МААЛЫМАТТАРДЫ КОЛДОНУУ
Страницы:159-167      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-159-167

Бул илимий макалада кенже окуучуларга тарыхый маалыматтарды башталгыч класстардын математика сабактарында киргизүү маселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу экендиги көрсөтүлдү. Адамзаттын миңдеген жылдар жана доорлор бою жүргүзгөн иштеринин натыйжасында маалыматтар топтолуп, бирок ал акылмандардын жана окумуштуулардын ар кандай илимий жетишкендиктери элге таандык деп эсептелинет. Адамдын практикалык иштеринен жана жаратылыштагы кубулуштарды байкоосунан келип чыккан математикалык билимдер, бардык эле байыркы элдерде болгондугу белгиленген.Тарыхый маалыматтар тез ойлонууну жана логикалык ой жүгүртүүнү талап кыларын, башталгыч класстардын математикасын окутуу процессинде тарыхый материалдарды колдонуу окуучулардын математиканы үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырарын жана изилденип жаткан фактылык материалды тереңирээк түшүнөрүн, окуучулардын жалпы кругозорлорун кеңейтерин жана окуучулардын жалпы маданиятын жогорулатары белгиленген. Математика сабактарына тарыхый материалдарды киргизүү боюнча иш натыйжалуу болушу үчүн мугалимдерге конкреттүү көрсөтмөлөрдүн аткарылышы, колдонула турган тарыхый материалдын көлөмү аныктала турган негиздери көрсөтүлгөн. Сабактарда тарыхый маалыматтардын колдонулушу кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирерин, окуучулардын интеллектуалдык сапаттарын калыптандырарын жана өнүктүрөрүн, өз алдынча билимдин булактары менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алары бегиленген.

Полный текст

    Стамалиева К.А., Канатбекова А.Т.,
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮН ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ИШ АРАКЕТТЕР
Страницы:167-174      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-167-174

Бул илимий макалада мектепке чейинки балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү ар кандай иш аракеттер каралган. Бул курактагы балдардын логикасын өнүктүрүү үчүн тарбиячынын алдына бир нече жооптуу милдеттер коюлгандыгы белгиленген. Логикалык салыштыруу операциясы, себеп – натыйжа, элементардык анализ жана математикалык методдор жөнүндө кыскача түшүнүк берүү менен конкреттүү мисалдар келтирилген. Сандарды изилдөө абстракттуу ой жүгүртүүгө карай алгачкы кадамдардын бири болуп саналарын, анткени аларды колдонуу менен бала объекттин элесин гана кабыл албастан, бир тектүү объектилерди топко чогултуп, белгилүү бир көрсөткүч менен топтогу объектилердин санын белгилеп, салыштырып көрсөтүү балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө түрткү берери белгиленген. Эгерде тарбиячынын чыгармачылыгы күчтүү болуп жана ал ар бир баланын жекече өзгөчөлүгүнө жараша мамиле жасаса жана өз сабагын балдар үчүн кызыктуу өтүүнүн, аларды өзүнө тартуунун натыйжалуу жолдорун колдонсо, анда балдардын ой жүгүртүүсү жогору болуп, жакшы ийгиликтерге жетишмек деп жыйынтык чыгарылган.

Полный текст

    Стамалиева К.А., Боруева С.Ш., Нурбаева Г.А.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ СТАНДАРТТУУ ЭМЕС МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУДА ОКУТУУНУН МЕТОДИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:174-182      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-174-182

Бул илимий макалада башталгыч мектепке стандарттуу эмес маселелердин ар кандай чыгарылыштары каралып, окутуунун методикасынын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Алгач стандарттуу эмес маселелер түшүнүгүн берүү менен кенже окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө стандартуу эмес маселелердичыгарууну башталгыч эле класстан баштоону сунушталган. Стандарттуу эмес маселелер окуучуга математикалык түшүнүктөрдү аң-сезимдүү өздөштүрүүгө, математикалык билимдерди кеңейтүүгө, эсептөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, маселелерди чечүү ыкмаларын өздөштүрүүгө жардам берери белгиленген.

Маселени чыгаруу жолдорун табуу, алардын чыгаруу планын түзүү, талдоо ыкмалары мисалдардын негизинде көрсөтүлгөн жана  талдоо ыкмасы аналитикалык ("суроодон") жана синтетикалык ("маалыматтардан") болушу мүмкүн экендиги белгиленген. ”Тапшырма, маселе түшүнүктөрү берилип, мугалимдин методикалык ишмердүүлүгүнүн негизги шарттары көрсөтүлгөн.Кенже окуучулар стандарттуу эмес маселелерди чыгарганда стандартуу эмес маселелер окуучулардын таанып билүү кызыкчылыктарын өнүктүрүүнүн идеалдуу каражаты болуп саналат, эсептөө көндүмдөрүн өздөштүрүүгө көмөктөшөт, ал эми алардын мазмуну кенже окуучулардын адеп-ахлактык сапаттарын тарбиялоонун каражаты боло алат деп жыйынтык чыгарылды.

Полный текст

    Тагаева Д.А., Талипов А.Т., Кубанычбек к.Т.,
ГЕОМЕТРИЯНЫ ТУРМУШКА БАЙЛАНЫШТЫРЫП ОКУТУУДА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН ТАПШЫРМАЛАРДЫН ОРДУ
Страницы:182-186      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-182-186

Кыргыз Республикасында билим берүү процессин реформалоо учурдун актуалдуу маселелери болуп саналат. Бул багыттагы Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын аткарылышы боюнча орто мектептерде предметтерди окутуу боюнча билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатындагы алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Компетенттүүлүк мамиледе окутуу шарттарында орто мектепте геометрияны окутуу процессинде мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык инсанга багыттап окутуу маселелери башкы орунду ээлейт. Компетенттүү мамиледе окутуу шарттарында геометрияны турмушка байланыштырып окутуу менен компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды пайдалануу аркылуу окуучулардын түйүндүү компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга негиз жаралат. Макалада геометрияны окутууда турмуштук маселелер аркылуу компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын орду белгиленет.

Полный текст

    Тайырова Р.У., Солтонкулова Ж.М.,
МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА ОЮН ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН ООРДУ
Страницы:186-189      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-186-189

Учурда билим берүүдө бир нече окутуунун технологиялары каралып алардын ичинен оюн технологиясы эффективдүүлүгүн көргөзүп жатат. Бул макалада ар бир окуучунун өз алдынча, өз дарамети боюнча ой-жүгүртүп, түшүнүгүн бышыктоого жана тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алууда оюн технологиясы аркылуу билим билгич көндүмдөрүн калыптандыруу каралган. Оюндар билимди интеграциялоону талап кылат. Математика предметинде таяныч түшүнүк кийинки түшүнүктөрдү кеңейтүү идеясында, туура логикалык ой- жүгүртүү, реалдуу чындыкты терең түшүнүү багытында аныкталышы зарыл.

Полный текст

    Талипов А.Т., Тагаева Д.А., Кубанычбек к.Т.,
ОРТО МЕКТЕПТЕ ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУДА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДАН ПАЙДАЛАНУУ АРКЫЛУУ ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:190-194      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-190-194

Кыргыз Республикасында билим берүү системасын модернизациялоо Концепциясына ылайык жалпы билим берүүчү орто мектептердин алдына жалпы билимдин, көндүмдөрдүн, ошондой эле окуучулардын өз алдынча иш-аракетинин жана жеке жоопкерчилик тажрыйбасынын жаңы системасын, б.а. түйүндүү компетенцияларды калыптандыруу милдетин коёт. Жалпы билим берүүчү мектеп мугалимдерин ушундай жол менен аныкталган билим берүүнүн максаттарын билим берүү процессин уюштурууга карата компетенттүүлүккө негизделген мамилеге багыттоого, билим берүүнүн жаӊы технологияларына коюлган талаптарды, окутуунун жана тарбиялоонун натыйжаларын баалоо критерийлери, билим берүүнүн сапаттык жаңы деңгээли менен өзгөртүүнү талап кылат. Азыркы учурда түйүндүү компетенциялардын так аныктамасы бериле элек. Илимий изилдөөлөр гана эмес, билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын аныктаган документтер да бул түшүнүктөрдү түрдүүчө чечмелеп келишет. Макалада орто мектепте геометрияны окутуу процессинде түйүндүү компетенцияларды калыптандырууда окутуунун жаңы маалыматтык технологияларынан, анын ичинде Padlet интерактивдүү доскасын колдонуу ыкмалары талкууланат.

Полный текст

    Ташбаев А.М., Атабаев С.К.,
ЭКОНОМИКА БАГЫТЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРГЕ МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:194-201      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-194-201

Бул макалада экономисттер-бакалаврларга математиканы окутуунун негизги милдеттери жана проблемаларын чечүүжолдору каралган. Азыркы мезгилдеги илимдин жана ондуруштун талаптарына жооп берген экономика багытындагы кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик программаны чечүүдө өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында ийгиликтүү жана жемиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Техникалык университеттерде математиканы окутуунун методикасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Биринчи курста студенттердин математика боюнча мектептен алган базалык билимдерин текшерүү, кошумча консультация-сабактарды уюштуруу студенттердин математикалык билимдерин системалаштырууга жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Математикалык методдорду прикладдык маселелерди чечүүдөпайдалануу үчүн болочок экономисттерге математиканын негизги закондорун үйрөтүүквалификациялуу кадрларды даярдоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ар кандай денгээлдеги илимий конференцияларга студенттеринин катышуусу алардын кесипкөйдүгүн жогорулатып, алган билимдерди пратикалык жактан колдонууга жана илимий-изилдөөиштерди активдуу жүргүзүүгөөбөлгөтүзөт. Кесиптик компетенцияларды калыптандырууда инструменталдык методдорду жана компютердик Mathcad жана MS Excel пакеттерин колдонуунун орду маанилүүэкендиги белгиленген. Азыркы мезгилде математиканы окутуу процессинде кездешүүчүкээ бир негизги көйгөйлөр белгиленнен.

Полный текст

    Толубаев Ж.О., Кудаяров К.С.,
ФИЛОЛОГИЯЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТЕРДИ ДАЯРДООДО МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КЕСИПТИК БАГЫТТАЛЫШЫ
Страницы:201-205      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-201-205

Бул макалада учурдагы математиканы математик эмес адистиктерде окутуунун актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон филологиялык багыттагы адистерди даярдоодо математиканы окутуунун кесиптик багытталышы каралды. Негизинен, тактап айтканда макалада математиканын негизги түшүнүктөрү болгон чекит, түз сызык, тегиздик, мейкиндик жана гипермейкиндик түшүнүктөрү менен филологиялык багыттагы адистердин негизги түшүнүктөрү болгон тамга, сөз, сүйлөм, текст жана роман түшүнүктөрүнүн байланыштары изилденди.

Полный текст

    Торогельдиева К.М., Атаев Б.С.,
ОРТО МЕКТЕПТЕ МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУДА ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫН КОЛДОНУУ
Страницы:205-210      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-205-210

Макалада орто мектепте математиканы окутууда электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Заманбап мектептерде электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу баяндалды. Электрондук билим берүү ресурстарынын милдеттери жана аларды сабакты өткөрүүдө колдонулуусу чагылдырылды. Мындан тышкары, макалада электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу менен класстагы маселелерди чечүү жолдорун визуалдык түрдө түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Полный текст

    Турдакунова А.С., Ниязбеков Т.К.,
АЗЫРКЫ КЫРДААЛДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АРАЛЫКТАН БИЛИМ БЕРYYНY КОЛДОНУУ
Страницы:210-217      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-210-217

Бул статьяда негизинен Кыргызстанда болуп жаткан өзгөчө кырдаалда окутулуп жаткан аралыктан окутуунун оӊ жана терс жактары каралган. Онлайн режиминдеги аралыктан билим берүүнүн негизги маселелери, жолдору көрсөтүлдү. Жаӊы маалыматтык технологияларды колдонуу, интернет технологиясын аралыктан билим берүнүн негизги маселесинде колдонуу, онлайн жана офлайн режимдеринде билим берүүнүн технологиясы жөнүндө жазылды.

Полный текст

    Шайланова М.М., Алымбекова А.Т., Айдар к.А.,
МЕКТЕП КУРСУНДА ЛОГИКАЛЫК МИСАЛДАРДЫ ГРАФТАР ТЕОРИЯСЫ МЕНЕН ЧЫГАРУУ
Страницы:217-222      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-217-222

Бул илимий макалада мектеп курсунда логикалык мисалдарды графтар теориясы менен чыгаруумаселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу экендиги көрсөтүлдү. Графтарды окуп үйрөнүүнүн эң башкы максаты - маселелердин шартында графты көрө билүү жана ал шарттарды графтар теориясынын тилине өткөрө билүү болуп саналат. Мектеп программасында математика сабактарында кээ бир маселелерди чыгаруу үчүн графтарды колдонуу ыңгайлуу. Ушуга байланыштуу графтын жардамы менен кандай маселелер чыгарылары жана алар кандай касиеттерге ээ экендиги көрсөтүлгөн. Мисалдарды чыгарууда графтар теориясынын түшүнүктөрүн окутуудагы негизги талаптарды берүү менен конкреттүү мисалдар келтирилген. Ошондой эле графтык мисалдар окуучулардын активдүү таанып-билүү ишмердүүлүгүн, фантазиясын жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө түрткү берери белгиленген.

Полный текст

    Шайланова М.М., Алымбекова А.Т., Асанова ..М.,
ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУДА ҮЙ ТАПШЫРМАСЫНЫН РОЛУ
Страницы:222-227      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-222-227

Макалада окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда үй тапшырмасынын ролуна өзгөчө көңүл бурулган. Алгач учурдагы башталгыч мектептерде окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө, таанып билүү жөндөмүнө ылайык окуу процессинин негизги курамы болгон окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда үй тапшырмасынын негизги эрежелери жана өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн. Үй тапшырмасы окуучулардын эмгекчилдигин, өз алдынчалыгын калыптандырууга көмөктөшүп, класстан тышкаркы убакытты негиздүү жана мазмундуу уюштуруунун каражаты, ошондой эле окуучуларды тарбиялоо үчүн маанилүү жана аны уюштуруунун эң негизги формаларынын бири экендигин белгиленген. Ошондой эле окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда үй тапшырмасынын теориялык негиздеринин жыйынтыгы берилген.

Полный текст

    Шайланова М.М., Норузалиева Г.С., Тургунова А.Б.,
ОКУУЧУЛАРДЫН КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУНУН ТАЛАПТАРЫ ЖАНА ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕРИ
Страницы:227-232      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-227-232

Бүгүнкү күндө ааламдашуу доорунун заманбап талаптарына ылайык, ар бир адам, ар бир жаран кайсыл гана чөйрөдө, кандай гана маселени чечүүдө болбосун өзүнүнкомпетенттүүлүгүн көрсөтө алуу зарылдыгы келип чыгууда. Азыркы, заманбап компетенттүүлүккө багыттап сабак берүү технологиясын уюштурууда негизги көңүл мугалимдин окуучу менен биргелешкен иш аракетине көңүлдүн топтолуусу, эске алуусу менен айрымаланат. Макалада окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууда өз алдынча иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруунун талаптары жана окутууну жаңыча уюштурууда башкача айтканда окуучуларды компетентүүлүккө багыттап окутуунун дидактикалык, методикалык принциптери берилген.

Полный текст

    Шарабидин к.А.,
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА САБАК ӨТҮҮДӨ ОКУТУУНУН ИНТЕРАКТИВДИК МЕТОДДОРУН КОЛДОНУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
Страницы:232-237      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-232-237

Бүгүнкү күндө замандын талабына билим берүүнүн ыкмалары бир топко өркүндөдү десек болот. Окутуу концепциясы негизинен билим берүү системаларында өзгөрмө принциби бир топ күч алып, окутуунун заманбап ыкмалары педагогикалык закон-ченемдерди модернизациялоого жана окуу пландарын, программаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада педагогикалык технологиялардын жаңы идеяларын, табылгаларын жана жетишкендиктерин, инновациялык окутууну жана башка, окуу тарбия процесстеринде тажрыйбалоо мүмкүнчүлүктөрү турмушка ашырылды. Окутуунун жаңы технологиясы катары: модуль системасы интерактивдүү окутуу, программалык тестирлөө, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы жана башкалар практика жүзүндө колдонулууда. Аталган окутуунун жаңы технологиялары студенттердин чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ жаңыртты. 

Полный текст

    Айталиева Т.К.,
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ “КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ” АТТУУ ЭПИЗОД
Страницы:238-241      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-238-241

“Манас” эпосундагы “Көзкамандар окуясы” аттуу эпизод тууралуу изилдөө жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү байкоого болот. Адамдардын ортосундагы туугандык наркты бузуп, көрө албастык менен кыянаттык иштерге барган, жакшылык жасаган адамга жамандык жасаган жетесиздикти жеткиликтүү сүрөттөгөн эпизоддордун бири деп айтууга болот. Бир мезгилдерде душмандарынан кордук көрүп, өз жерин таштап качып, башка элдин арасына барып жашап, алардын каада-салтын кабыл алып жашап калышкан Манас баатырдын туугандары анын кан болгонун билишип, туулган жерибизди таап, тууганыбызга жакын жашасак деген ой менен кат жөнөтүшүп, кайтып келишет. Бирок алардын ичтеринде арам ойлору болот. “Биз тең ата туугандарбыз, Манастын ордуна биз эмнеге кан боло албайбыз.”-деген арам ойлору аларга тынчтык бербей, натыйжада, алар Манас баатырды конокко чакырып, тамагына уу кошуп берип жок кылууну көздөшөт. Макалада залкар манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаевдердин варианттарында “Көзкамандар окуясы” жана Сайф ад-дин Аксыкентинин “Маджму атут-таворих” аттуу эмгегинде Манасты ууландыруу окуясынын сүрөттөлүшүндөгү окшоштуктар жана айырмачылыктар кеңири изилдөөгө алынган.

Полный текст

    Айталиева Т.К.,
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ «МАНАС БААТЫРДЫН КАНЫКЕЙГЕ ҮЙЛӨНҮШҮ” АТТУУ ЭПИЗОД
Страницы:241-245      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-241-245

“Манас” эпосунда “Манас баатырдын Каныкейге үйлөнүшү” аттуу эпизод негизи эпизоддордун бири. С.Орозбаковдун вариантында Манастын Каныкейге үйлөнүшү өзгөчө сүрөттөлүп берилген деп айтсак болот. Каныкей Манас баатырдын эң ишенимдүү кеңешчиси,үзүлгөнүн улаган,чачылганын жыйнаган кеменгер жары. Баатырдын өзүнө ылайыктуу жары, аты, жоо кийимдери, жоо куралдары болушу керектиги баатырдык эпосторго мүнөздүү көрүнүш. Элдин жүгүн аркалай турган баатырдын акылына акыл кошо турган, кандай шартта болбосун ага жардам берип,колдоо көрсөтө турган жакын адамдарынын бири анын жары болуп саналат.Макалада баатырдык үйлөнүү салты улуу манасчы С. Орозбаковдо жана манасчы Ш. Азизовдо кандайча сүрөттөлүп берилгенине кеңири талдоо жүргүзүлгөн жана изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылган. С.Орозбаковдун вариантында Манас баатырдын Каныкейге үйлөнүшү өзүнчө бир чыгарма сыяктуу сюжетке ээ экенин байкоого болот.

Полный текст

    Алтыкеева Н.Ж., Итикулова А.Т.,
КЫРГЫЗ ЭЛДИК ДАСТАНДАРЫНДА АЙТЫЛГАН КЕРЭЭЗДЕРДЕ БҮГҮНКҮ КҮНДҮН КӨЙГӨЙЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИНИН КӨТӨРҮЛҮШҮ
Страницы:246-250      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-246-250

Кыргыз эли элибиздин маданиятын, каада-салтын, турмуштук ар кыл көрүнүштөрүн, көчмөн турмушун чагылдырган элдик дастандарга өтө бай экени баарыбызга маалым. дастандардын мазмунуна тереңден саресеп салсак, уруулар ортосундагы биримдик, достук элибиздин улут болуп калыптанышында негизги орунда тургандыгы көрсөтүлөт. Бул макалада биз “Манас”, “Багыш” эпосторундагы башкы каармандар болгон Көкөтөй, Багыш карыялардын керээздеринин социалдык маанисин талкуулоону максат кылдык. Керээздердин элдерди ынтымакка чакырып, тышкы душмандарга каршы туруу үчүн уруулар ортосундагы биримдикти күчөтүүдөгү маанисинин актуалдуулугу тууралуу сөз болот. Эпостор чагылдырган мезгилде элибиздин жашоосунун негизги булагын мал чарбачылыгы түзгөн. Ошол себептүү учурдун талабына ылайык малды сарамжалдуу кармап, туура колдонууга аракет кылышкан. Бул маселелер керээздердин маанилеринде ачылат.

Полный текст

    Алтыкеева Н.Ж., Ниясалиева Б.А.,
Ч.АЙТМАТОВДУН “АК КЕМЕ” ПОВЕСТИНДЕ БАЛАНЫ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛООНУН МААНИСИ
Страницы:250-254      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-250-254

Макалада “Ак кеме” повестинде колдонулган фольклордук мотивдер талданат. Тагыраагы Бугу-Эне тууралуу балага таятасы айтып берген жомогунун чыгарма үчүн кандай орунда турары белгиленет. Бугу-Эненин кыргыз элинин эл болуп сакталып калышына себепкер болгону бала үчүн абдан маанилүү эле. Анткени мындан улам бала бугуну ыйык катары тутуп, ал бешик алып келсе деп кыялданат.Мындан тышкары повесттеги элдин өзөгүнөн чыккан ыр тууралуу улама сөздүн мааниси чечмеленет.Улама сөз Ата-Журттун ыйыктыгын, эл-жерге болгон чыныгы сүйүүнү даңазалайт. Повесттеги Чыпалак бала жөнүндөгү жомоктун да өзүнчө орду бар экенине токтолобуз. Ал наадандык, карөзгөйлүк эч убакта адамга жакшылык алып келбесин түшүндүрөт. Ар бир фольклордук чыгарманын повесттеги идеянын ачылышы үчүн табылгыс каражат катары колдонулушун баса көрсөтүүгө болот.

Полный текст

    Аманкожоева И...,
GEÇMİŞTEN GÜNÜMÜZE KIRGIZ TÜRKÇESİNDE-MAYIN ZARF-FİİL EKİ FROM THE PAST TO THE PRESENT IN THE KYRGYZ LANGUAGE ADVERB-VERB SUFFIX -MAYIN
Страницы:254-260      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-254-260

Zarf-fiil veya gerundium; bir fiilin cümlede zarf (belirteç) görevinde kullanılan hâli. Türkçedeki üç fiilimsi grubundan biridir. Fiillere -esiye, -ip, -meden, -ince, -ken, -eli, -dikçe, -erek, -ir … -mez, -diğinde, -e … -e, -meksizin, -cesine eklerinin getirilmesiyle oluşturulur. Bu ekler, Türkçedeki ses uyumlarına veya ağızlara bağlı olarak, değişiklik gösterebilir. Zarf-fiiller, fiil kök ve gövdelerine getirilen eklerle geçici olarak zarf oluşturur ve çekim eki almaz. Kırgız Türkçesindeki -mAyInçA zarf-fiilinin konuşma dilinde -mAyIn şeklindeki hali de vardır. Bu biçimini eserlerde de görmekteyiz. Ancak Kırgızca gramer kitaplarında -mAyIn zarf-fiil ekinden hiç bahsedilmediği için kullanımdan düşecek duruma gelmektedir. Konuşmada Kırgızcanın hem ğüneydoğu, güneybatı hem kuzey ağızlarında çok kullanılmasına rağmen bu varyantının Kırgızca gramer kitaplarında gösterilmemesi büyük bir eksikliktir. Üstelik -mAyInçA zarf-fiil eki -mAyIn zarf-fiil ekinden gelmektedir. -mAyIn şekli -mAyInçA’nın tam Gökturkçedeki hali olduğuna ve günlük hayatta kullanılmasına rağmen gramer kitaplarında gösterilmemektedir. Bu varyantın kitaplarda gösterilmediği için bazı bölgelerdeki ilçelerde kullanımdan çıkmıştır. Araştırma sürecinde de dilcilerin görüşlerinialdığımızda -mAyIn biçiminden haberleri olmadıklarını ve ders sırasında da bu ekten bahsetmeyip -mAyInçA ekiyle sınırlandıklarını söylediler. Bazıları bu ekin belki de ağız özelliği olduğunu tahmin ettiler. Ama -mAyIn eki sadece ağız özelliği olarak görülmemelidir. Çünkü bu eke belli bir ağızda değil, hem güneybatı, güneydoğu hem kuzey ağızlarında rastlanmaktadır. Göktürkçede -mAtI(n), -mAyIn, Karahanlıcada -mAdI(n), Horezmcede –mAdIn, -mAyIn, Kıpçakçada -mAyIn, Çağataycada -mAyIn şeklinde geçen -mAyIn eki sadece ağız özelliği olarak sayılamaz. Göktürkçeden günümüze kadar yaşamış olan -mAyIn zarf-fiil ekinin bu gün de tam şekliyle konuşma dilimizde kullanılması ve yazarların eserlerinde geçmesi göz ardı edilecek bir konu değildir. -mAyInçA eki ise -mAyIn ekine -çA pekiştirme ekinin eklenmesiyle oluşmaktadır. -çA pekiştirme eki genelde ek kendi işlevini kaybettiğinde eklenir. Bu makalede Kırgızcadaki -mAyInçA/-mOyUnçA zarf-fiil eki ele alınacak. Ekin tarihi süreçteki durumuna değinilecek. Bu konu üzerinde yapılan çalışmalar, kaynaklar üzerinde durulacaktır.

Полный текст

    Байиева Б.А., Кубанычбек к.Б.,
А.ОСМОНОВДУН ПОЭМАЛАРЫНЫН ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫНДАГЫ, ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕГИ БЕРИЛИШИ, ОКУТУЛУШУ, МЕТОДИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРДЕ ИЗИЛДЕНИШИ
Страницы:261-267      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-261-267

Бул илимий макалада кыргыз адабияты курсунда А.Осмоновдун поэмаларынын окуу программаларында, окуу китептериндеги берилиши жана абалы, илимий-методикалык жактан изилдениши жөнүндө сөз болот.Акындын поэмалары мектептик окутуудан өз ордун татыктуу ээлеп келе жаткандыгы, ошону менен бирге оош-кыйыштарга учураган учурлары да изилденди. Ошону менен катар акындын поэмаларындагы кыскалык-лаконизм окуучулардын поэманы түшүнүп, кабыл алуусуна ыктуу экендиги илимий-методикалык эмгектердеги талдоо, изилдөө иштеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө да сөз болду. Окуу китептеринде А.Осмоновдун поэмалары тууралуу материалдарды берүү боюнча жалпы тарыхый жагдайларды жана азыркы учурду эске алуу менен бул багыттагы абалды өркүндөтүү үчүн сунуштар көрсөтүлдү.

Полный текст

    Жумашова Р.Ж.,
ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ПОВЕСТТЕРИНДЕГИ АЯЛДАРДЫН ТАГДЫРЫ ЖАНА СОГУШ ТРАГЕДИЯСЫ
Страницы:267-275      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-267-275

Изилдөөнүн предмети Чынгыз Айтматовдун “Бетме-бет”, “Саманчынын жолу” повесттериндеги аялдардын образындагы коом, мезгил үй-бүлө жана адеп-ахлак руханий баалуулуктардын көркөм интерпретацияланышын жана каармандардын мүнөз эволюциясынын өгөчөлүктөрүн айкындоо. Изилдөөнүн максаты-повестердин каарман аялдардын натурасы күчтүү, эмгекчил, үлгүлүү, адилеттүү сүрөттөлүп, бийик гуманизм, таалим-тарбиялык сабактары терең көрүнүп, жазуучунун аял каармандары улуттук турмуштун алкагынан чыгып, адамдык адилеттүүлүктү, акылмандыкты даңазалап, терең философиялык жалпылоолорго көтөрүлгөндүгүн көрсөтүү. Изилдөөлөр адабият таануу илиминдеги жетишкендиктерге таянып, адабий – тарыхый, салыштырмалуу-типологиялык методдордун негизинде жүргүзүлдү. Изилдөөдөн алынган жыйынтыктарды айтматовтаануу багытында жүргүзүүдө, аталган темада курстук, квалификациялык, магистрдик иштерди жазууда баалуу материал болуп саналат. Изилдөөнүн натыйжасында жазуучу чыгармаларында кыргыз аялдарынын түркүн тагдырын сүрөттөгөнүнө карабастан,идеялык-тематикалык,көркөмдүк пафосу боюнча бири-бирин толуктаган эпикалык циклге айланды десек болот. Бул макала адабият тармагындагы жалпы окурмандарга сунушталат. 

Полный текст

    Мадмуратова З.Г.,
ТУЯК ЫРЧЫНЫН ЫРЛАРЫНДАГЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАРДЫН ИЗИЛДЕНИШИ
Страницы:275-281      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-275-281

Кыргызстандын Түштүк жергесинен чыккан элдик ойчул акын Туяк ырчынын чыгармачылыгын даңктоо, изилдөө иштерин жүргүзүү биздин муундарыбызга калтырыла турган эң зор байлык болуп саналат. Анын ар бир ырында айткан ою-өзүбүздүн тарыхыбыз, рухий башатыбыз катары баалашыбыз керек. Макалада акындын ырларындагы көсөмдүк, алдын-ала чагылдыруу баалулуктары, көрөгөчтүгү жөнүндө пикирлер берилди. Аны менен бирге изилдөөбүздө, Туяк ырчынын ырларындагы тарбиялык мазмундун адеп-ахлактык, моралдык - нравалык нормалары, акыл насаат берүүчү ойлору, элдик тарбиялоо идеясын чагылдыруудагы ордун ачып берүү негизги болуп каралган. Анткени, ырларында акын катары жашоо-тиричиликтин майда-чүйдөсүнө чейин саресеп салып, адам баласынын нравалык сапаттарын жана мүнөздөрүндөгү туура эмес одоно кыял-жоосундарын ачып көрсөтүү менен жалпы эле жаштарды терс мүнөздүк сапаттардан алыс болуп, жакшы сапаттарга эгедер болууга чакырып келген. Акындын бул педагогикалык идеялары бүгүнкү күндө да өтө актуалдуу.

Полный текст

    Ниясалиева Б.А., Алтыкеева Н.Ж.,
КӨРҮНҮШ, КЫЙМЫЛ-АРАКЕТКЕ БАЙЛАНЫШКАН ТҮШҮНҮКТҮ БИЛДИРҮҮНҮН ФОРМАСЫ КАТАРЫ КОЛДОНУЛГАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР
Страницы:281-289      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-281-289

Кыргыз тилиндеги атоо маанисиндеги сөздөр сүйлөөчүнүн ар кандай көрүнүшкө болгон образдуу, элестүү ой жүгүртүүсүн эмес, нерсени, ар кандай ал-абалды жөн гана атап көрсөтөт.  Ошондой эле атоо маанидеги фразеологизмдер да кезигет. Мындай фразеологизмдер тилдеги башка фразеологизмдерге окшоп көркөм каражат катары колдонулбастан, кыймыл-аракетти жана ага байланышкан сөздөрдү билдирүүнун каражаты болуп эсептелинүү менен бирге тилде активдүү колдонулат. Бул макалада көз компонентине тиешелүү болгон атоо маанидеги фразеологизмдерге токтолдук. Көз сөзүнүн компоненттерин төмөндөгүча бөлүштүрүп кароону туура деп таптык: кыймыл-аракеттик түшүнүк, эске тутуу, ой жүгүртүү түшүнүгү, ишеним түшүнүгү, адамдар ортосундагы мамиле түшүнүгү, адамдардын абалы түшүнүгү, бат (тез), кичинекей, тез түшүнүгү, өлүм түшүнүгү, көз карандылык түшүнүгү. 

Полный текст

    Осмонова Ж.Р.,
ЖАЗУУЧУ, ДРАМАТРУГ, АКЫН, ПУБЛИЦИСТ, ЖУРНАЛИСТ МЕҢДИ МАМАЗАИРОВАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫЙЫР ЖОЛУ
Страницы:289-292      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-289-292

Макалада кыргыз жана дүйнөлүк адабият таануу илиминин жетишкендиктерине негизделип, акын Меңди Мамазаированын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, анын мекен темасындагы ырларынын, поэмаларынын, романдарынын, идеялык-тематикалык, стилдик бөтөнчөлүкутөрү, образдуулукту түзүү каражаттары тууралуу сөз болот. Акындын чыгармаларынын сюжеттик жана композициялык өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылат.

Полный текст

    Сакиева С.С., Орозбаева А.Ы., Раимкул к.А.,
КАРАТАЙ САРТБАЕВДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫНА АРНАЛГАН ЭМГЕКТЕРИ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР
Страницы:293-298      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-293-298

Макаланын мазмуну башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасынын изилденишине, проблемаларына арналган эмгектерге анализ жүргүзүлгөн. Башталгыч мектептеги кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүүдөгү С.Наматовдун жана К.Сартбаевдин эмгектери анализденген. С.Наматовдун башталгыч класста кыргыз тилин окутууга карата эмгектеринин мазмуну, манызы каралган. Ал эми К.Сартбаевдин башталгыч класста кыргыз тилин окутуунун жана үйрөтүүнүн илимий-педагогикалык, илимий-методикалык маани-манызы анализденип, окумуштуунун бул проблемага арналган эмгектери талкууланып, алардын учурдагы окутуу процессиндеги орду, ролу көрсөтүлгөн. Деги эле макалада башталгыч класста кыргыз тилин окутуудагы жана үйрөтүүдөгү окуучу ээ болуучу компетенттүүлүктөр ушул эмгектерге таянуу менен ишке ашырыла тургандыгын далилдейт.

Полный текст

    Токтогулова Г.Т.,
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУ МАСЕЛЕСИ РЕВОЛЮЦИЯГА ЧЕЙИНКИ МААЛЫМАТ БЕТТЕРИНДЕ
Страницы:299-306      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-299-306

Эгемен өлкөгө айлануу ар бир элдин өз тарыхын жазуусуна жакшы шарт түздү. Анын шарапаты менен учурдун актуалдуу маселесине айланган тил жана жазуу тарыхын жаңыча иликтөөгө алуу жанданды. Бул илимий макалада советтик доорго чейинки кыргыз элинин тил жана жазуу тарыхын чагылдырган булакнаамалык маалыматтар иликтөө проблемасы катары көрсөтүлүп, алардын ичинен “Түркстан ведомосту” гезитиндеги маалыматтарды изилдөө негизги максат катары белгиленди. Иликтөөнү ишке ашырууда тарыхый-объективдүүлүк, тарыхый-салыштыруу, тарыхый-системалык, логикалык ыкмалар пайдаланылды. Ошол доордун өзөктүү окуясы катары маалымат беттериндеги Орусиянын Кыргызстанга жүргүзгөн колониалдык саясаты чагылдырылып, бул саясаттын бир бөлүгүн  тил саясаты түзөөрү белгиленди. Жыйынтыгында, илимий коомчулукка сунушталган макалада Кыргызстандагы тил жана жазуу маселесинин революцияга чейинки мезгилдеги булакнаамалык маалыматтары илимий талдоодон өткөрүлдү. 

Полный текст

    Алымбаев А.Т., Бапа к.А.,
ДЮФФИНГДИН КЕЧИККЕН АРГУМЕНТТҮҮ МҮЧӨНҮ КАРМАГАН ЭКИНЧИ ТАРТИПТЕГИ ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕСИНИН МЕЗГИЛДИК ЧЫГАРЫЛЫШЫ
Страницы:307-310      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-307-310

Макалада Дюффингдин кечиккен аргументтүү мүчөнү кармаган экинчи тартиптеги дифференциалдык теңдеменин мезгилдик чыгарылышын тургузуу маселеси каралат. Мезгилидик чыгарылышты табуу Галеркиндин методунун классына кирген, гармоникалык баланс ыкмасынын негизинде ишке ашырылат. Мезгилдик чыгарылыш Фурьенин катары түрүндө изделип, анын “биринчи” жакындашуусунун мүчөлөрү аныкталат. Кечиккен параметрдин таасири термелүүнүн фазасына, амплитудасы жана жыштыгына болоору көрсөтүлдү.

Полный текст

    Аметжанова Н..., Абдымомунова Б.А., Сариева Ы.Т.,
ПРИВЛЕЧЕНИЕ К ИССЛЕДОВАТЕЛЬСКОЙ ДЕЯТЕЛЬНОСТИ ШКОЛЬНИКОВ ВО ВРЕМЯ УРОКА БИОЛОГИИ
Страницы:311-316      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-311-316

В статье представлены результаты исследования по организации учебно-исследовательской деятельности школьников как на уроках биологии, так и во внеклассной деятельности. На конкретных примерах авторы раскрывают особенности методики развития учебно-исследовательских навыков школьников, в результате чего из сфагновых мхов получают хлебные дрожжи.

Полный текст

    Анарбекова М..., Мааданбекова А...,
ФИЗИКА БОЮНЧА КЛАССТАН ТЫШКАРКЫ ИШТЕРДИ АТКАРУУДА ФИЗИКАЛЫК КРУЖОКТОРДУН МААНИСИ
Страницы:316-323      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-316-323

Бул макалада класстан тышкаркы иштерди аткарууда кружоктун максаты,мааниси,түрлөрү каралат. Кружок бул класстан сырткаркы иштердин негизги формасы болуп эсептелет. Ал физикалык, техникалык, физика-техникалык болуп бөлүнөт. Класстан тышкаркы иштер окуучуларды өз алдынча чыгармачылык иштөөгө көнүктүрүп алардын иштерине илимий-изилдөөчүлүктүн элементтерин киргизет, келечектеги кесибин тандоосуна таасир берет. Ошондой эле окуучлурардын тапшырылган ишке карата жоопкерчилик сезимин тарбиялайт.Физика боюнча класстан тышкаркы иштер окуудан тышкаркы убакытта окуучулардын билим билгичтик көндүмдөрүн өнүктүрүү, тереңдетүү өз алдынчалыгын жана жөндөмдүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

Полный текст

    Асанова Ж.К., Асылбекова К.Ж., Чокоева Г.С., Кѳчѳрбаева Б.Э., Б.Э.,
ӨЗДҮК ЭМЕС ИНТЕГРАЛДАРДЫН КОЛДОНУЛУШТАРЫ
Страницы:323-329      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-323-329

Өздүк эмес интегралдар кадимки аныкталган интегралдын масштабын кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүчү математикалык анализдин күчтүү куралы болуп саналат. Белгилүү интегралдан айырмаланып, ѳздүк эмес интеграл берилген интервалда чексиз же үзгүлтүккө ээ функцияларды интегралдоо үчүн колдонулат. Бул макалада ѳздүк эмес интегралдын ар кандай тармактарда колдонулушунун бир нече конкреттүү мисалдары каралды, ошондой эле анын касиеттери, эсептөө ыкмалары жана графиктери берилди. Айлануудан пайда болгон фигуранын аянты жана көлөмү өздүк эмес интеграл менен чыгарылып берилди. Предмет аралык байланыштарды сабакта колдонуу студенттердин билим денгээлин көтөрүп, логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык шыгын арттыруу менен алардын окуу материалды өздөштүрүүсүнө жардамы өтө чоӊ. 

Полный текст

    Байболотов Б.А., Кубатбекова А.К., Кубанычбекова Н.К.,
СЕЧЕНИЕ ГЕОМЕТРИЧЕСКИХ ТЕЛ В ИНТЕРАКТИВНОЙ СРЕДЕ GEOGEBRA
Страницы:329-332      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-329-332

В данной статье расматривается применение интерактивной среды Geogebraдля конкретного раздела геометрии, а также эффективность Geogebraв изучении геометрии. В свою очередь были изучены проблемы применения данной среды в школах КР, что является самым основным камнем преткновения. Проблемы: адаптациякадров, нехваткаматериальныхресурсов.

Полный текст

    Джусупова К.А., Шакиева А.Ж., Мураталиева Н.Д.,
СИНТЕЗ ЭФИРОВ АМИНОКИСЛОТ И ИЗУЧЕНИЕ ИХ СВОЙСТВА
Страницы:332-337      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-332-337

В настоящее время резко возросла значимость исследований по разработке методов получения различных производных L – аминокислот, среди которых определяющую роль играютсложные эфиры иих производные с одноатомными спиртами и их изомерами (С59) в присутствиихлористого, бромистого водорода.выделенысложные эфиры аминокислот. Изучены физико-химические константы синтезированных соединенийи идентифицированы химических и физико-химических методов анализа. Строение соединений подтверждением ИК- спектрами. эфиров аспарагиновой кислоты проявляются полосы поглощения в интервале от 1735 до 1750 см-1,относящиеся к валентным колебаниям для С=О– групп,широкие полосы поглощения аминогруппы в области 3000 –2900 см-1. С целью изыскания удобного способа получения, повышения выхода целевых продуктов при синтезе эфиров впервые использован бромистого водорода в качестве катализатора.  

Полный текст

    Исаева Р.У., Исаев Н.М.,
ФИЗИКА МУГАЛИМДЕРИН ЗАМАНБАП ОКУТУУНУН МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУГА ДАЯРДОО
Страницы:345-349      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-345-349

Макала учурдун билим берүүдөгү актуалдуу талаптарынын бири адистерди жаңы маалыматтык технологияларды колдонууга даярдоо проблемасына арналган. Болочок физика мугалимин жаңы маалыматтык технологиялардын жардамы менен билим алууга үйрөтүү аркылуу, алган билимдерин жана билгичтиктерин кийинки кесиптик практикасында натыйжалуу пайдаланууга даярдаса болот. Тактап айтканда, заманбап маалыматтык билим чөйрөсүндө мугалимди компетенттүү алып жүрүүгө даярдоо керек. 

Полный текст